Акыркы кабарлар
» Коом » Италияда бир күндө коронавирустан 133 киши каза болду
Италияда бир күндө коронавирустан 133 киши каза болду
09-март, 15:33

Муну менен өлкөдө коронавирустан улам каза болгондордун саны 366га жетти. Бул тууралуу 8-мартта Италиянын жарандык коргонуу департаментинин башчысы Анжело Боррелли маалымат жыйында билдирген.
Италияда коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте 15 провинцияны жабуу тууралуу указга кол койгон. Чектөө 16 миллион кишиге тийет. Указ 8-мартта күчүнө кирип, айдын аягына чейин уланат. Документке ылайык, бул провинциялардын аймагына кирип-чыгууга тыюу салынат. Мындан сырткары, ал жакта окуу мекемелери, музейлер жана спорт залдары иштерин токтотот. Ошондой эле үйлөнүү тойлорду, тажияларды, диний жана маданий иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынды. Кинотеатрлар, түнкү клубдар, фитнес-борборлор, бассейндер, музейлер жабылган.