Акыркы кабарлар
» Саясат » Достуктун, жигитчиликтин үлгүсүн көрсөткөн Туйгунаалы Абдраимов
Достуктун, жигитчиликтин үлгүсүн көрсөткөн Туйгунаалы Абдраимов
04-июнь, 12:55
2 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Алмазбек Атамбаев президент кезинде Туйгунаалы Абдраимовду БШКнын төрагалыгынан алып салган. Айлана-тегерегинин сөзүнө кирип, майда ичкүйдүлүктүн айынан да. Кийин байкасак, Атамбаевден оомат тайганда баягы кошоматчылардын баары сатып кетишип, атургай ишенген досу Соке түрмөгө камады. (Иттик кылып, эми өзү шүмүрөйүп отурат). А оор учурда Туйгун мырза Атамбаевге карата таарынычын сууга салып, үч жылдан бери моралдык колдоо көрсөтүп, арка-бел катары жигиттик вазыйпасын аткарууда. Кимдин-ким экени кыйынчылыкта билингени ушул эмеспи. Эмесе, кийинки жаштар Туйгунаалы Абдраимовдон үлгү алышса куп жарашат.
"Азия Ньюс" гезити