Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УОКтун президенттик мөөнөтү бүттү, Шаки кайда? Эмнеге отчет бербейт?

УОКтун президенттик мөөнөтү бүттү, Шаки кайда? Эмнеге отчет бербейт?

16-январь, 13:49
1 344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2020-жылдын ноябрь айында Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттик мөөнөтү бүткөн. Буга чейин отчеттук-конференциясы өтө элек. Эске сала кетсек, азырынча биздин УОКтун президенттигин алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов жетектеп келет. Сураштыра келсек, бу жигитти көргөн-билген жан жок экен. Кыргызстандабы же чет мамлекетте качып жүрөбү? Белгисиз. Эгер биздин өлкөдө болгондо эбак эле УОКтун отчеттук-конференциясын өткөрүп, кайра шайлоо кылмак. Мындай ишке эч ким жолтоо болмок эмес. Демек, Шаки Кыргызстанда эмес өңдүү. “Куйругун” кыпчып бир жерде жүрөбү же өзү чыгарган “оттуу суудан” башы арыла албай “запойдобу”? Японияда өтө турган олимпиада оюндары көз ачып-жумгуча келип калат. Бул жакка биздин спортчулар ким менен барат? Шакинин үстүнө “кара булут” айланып калган өңдүү. Жаңы президент бу жакты карап коёбу? Шайлоодогу үгүт иштеринде жакшы сөздөрдү арнады эле. Эмнеси болсо да күтө туралы...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер