Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапаров менен Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлеринин оюнуна катышат

Жапаров менен Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн футбол ардагерлеринин оюнуна катышат

30-август, 19:23
514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта “Нователь” мейманканасында өткөн футбол командаларынын маалымат жыйынында кабарланды.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш бүгүн, 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат жана УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу «Город 312» тобу жана атамекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовдор бар.

Футболго кирүү акысыз.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер