Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси улуу салтанат менен өттү
Залкар даанышман, алп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси улуу Манастын Аккуласынын дүбүртү угулган, өзү жүргөн жана Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосунда өткөнү, урматтуу президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышып, абдан терең, маанилүү сүйлөгөнү менен өзгөчөлөндү. Улуу жазуучубуз ушундай сый-урматка татыктуу эле...
Казак элинин таланттуу, даанышман жазуучулары Мухтар Ауэзов менен Сабит Муканов залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековду өтө жогору баалашкан. Дагы бир улуу сынчысы Түкөбүздү “Кыргыз прозасынын атасы” деп баалаган. Ушул даанышмандар айтышкандай, көп улуттуу Совет жана Кыргыз адабиятынын бир бутагы, өкүлү Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз адабиятын бир тепкичке эмес, бүтүндөй бир шаты бийиктикке көтөргөн. Мурун болбогонду болтурган, мурун толбогонду толтурган көп кырдуу талант экени айтпасак да жумурай журтка белгилүү эмеспи.
Бир курдай Түкөбүз “Мухтар Ауэзов менен Сабит Муканов үчөөбүздүн качан да болбосун ойлорубуз, пикирлерибиз бир чыгат. Ауэзовдун “Абайын”, Мукановдун “Сулуу чач” романдарын бала кезимде көп сыйралап окуп, теңдешсиз рахат сезимдерге бөлөнчүмүн” деп жазган.
Учурунда Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн каалоосу менен 50 жылдык, 70 жылдык юбилейлерин өткөргөн эмес. “Байкабай жүрүп эле элүүгө келип калыптырсыз. Юбилейиңизди кандай шартта өткөрөбүз, Түкө?” деп калемдештерим сурап калды. Сыр бербедим. Жазуучулардын мүчөлүү тоюн тойлогонду жактырбайм. Биз жазуучулар, өмүр бою элибизге карыздарбыз деп ойлойм. Жаза турган ишибиз калк өмүрү. Эми ошол элүү жашка келип алып, “менин юбилейимди тойлогула” десем ылайык келер бекен? Мунун өзү “аз гана эмгегиңди элге жогору баалагыла” деген текеберчилик болуп калбайбы? Менимче, жазуучу алдындагы ак кагазын билсе болду. Ошол жеткиликтүү. Мүчөлүү жашка толгон экенсиң. Киши көңүлү толорлук жаңы чыгарма сун элге. Мына ошол той!” деген Түгөлбай Сыдыкбеков.
“Эми Түгөлбай ага, байкабай туруп жетимишке чыгып калдыңыз го, муну кандай кылабыз?” дегенде, “сөзүм баягы эле сөз. Тоюм – жаңы чыгарма! “Тоо арасында” чыгармамды аяктасам, жетимиш жаштын энчиси болот” деп кол жазмасын кесиптештерине көргөзгөн экен.
Түгөлбай Сыдыкбеков – эл тагдырын өз тагдыры катары туу туткан гениалдуу жазуучу. Анткени, элдин ар түрдүү кыйынчылыгын, турмушта кыйналып жашаганын, буулугуп өскөнүн өз көзү менен көргөн инсан. Калкыбыздын кыйналып өткөн жолун көрүп, бүгүнкүсүн ичинен сезип, эртеңкисин ойлоп, элибиздин тагдыры Түгөлбайдай болгон шумкардын жүрөгүнө тынчтык бербей, шаңдуу үн салдырып, акылына ой толготуп, калемин түшүрүүдөн коркутуп жашатты.
Залкар Түгөлбай Сыдыкбеков улуу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” аттуу романы боюнча үн катканы бар: “Бул чыгармадагы окуялар казак эли, казак жеринде эле болгону болбосо, романдагы көтөрүлгөн маселе жалпы адамзатка тийешелүү. А жердеги окуяларды Кыргызстандын деле булуң-бурчтарынан кездештирүүгө болор эле. Бирок, Чыңгызга Байкоңур сыяктуу космодромдук станция керек болду да. Себеби, козголгон маселе бүткүл элге, жалпы адамзатка тийешелүү психологиялык маселе. Ошондуктан, Чыңгызды татарлар “биздин жазуучубуз” дешет. Өзбек, башкыр да “биздики” дейт. Балтиканын жакасы, Сибирь да алардан калышпайт. А казактар го андан бетер, айтпаса да түшүнүктүү” деген.
“Соңку жылдары мени “бүгүнкү күндүн турмушу жөнүндө жазбайт” деп күнөөлөгөндөр бар. Буга жооп кылып “Курбулар” деген романымды жаздым. Азыркы турмуш элеси. Турмуш тиричилик дүйнөсү күрдөөлдүү. Ошол күрдөөлдүү социологиялык жагдай адам психологиясын өзгөртөт. Улуттук психологияны тереңирээк таануу, түшүнүү керек. Билесиңерби, кол жазма түрүндөгү материал бул жазуучунуку. Ал эми китеп болуп кеткен соң ал элдики болот!” деген улуу жазуучу.
Түкөмдүн ара чолодо ыр жазмай адаты бар эле. Чындап айтканда, өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү “Ленинчил жаш” гезитине “Булар кимдер?” деген алгачкы ырын жарыялаган. Андан бир аз өтпөй “Чал комузу” поэмасын жазып, “Чабуул” журналына бастырган. Кийин “Күрөш” аттуу жыйнагы 1933-жылы, “Баатырлар”, “Акын булбул”, “Кедейлер Артель болушту”, “Кетмен күүсү”, “Микрофон ырдады”, “Басмакана”, “Маданият өзгөрдү”, “Теримчилер”, “Түн жарчысынан кабар” жана “Көкөй кести” поэма, ыр жыйнактары ошол кездеги турмуш чындыгынан алынган чыгармалар болуп калды.
1943-жылы Т.Сыдыкбековдун “Согуш күндөрүндө” аттуу китеби жарык көрдү. Рахматулин менен бирге жазган “Манас жана Алманбет” аттуу пьесасы 1943-1946-жылдары Крупская атындагы драма театрында коюлган. Мындан тышкары, согуш турмушунан алып "Майдандан", "Кыштактын ээлери" аттуу бир-эки көшөгөлүү пьесаларды жараткан.
Түгөлбай Сыдыкбековдун турмушунда “Көк Асаба” романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон. Ал Орхон Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун "Кара сандыгына" кабылган. Көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди. 1990-жылдарда Сыдыкбековдун "Табылга" аттуу макалалар жыйнагы (1991), аңгемелерден, маектерден, каттардан куралган "Мен миң жыл жашадым" китеби (1998), "Бел-белес" роман-эссеси (1996) жарыкка чыкты. "Бел-белес" роман-эссесинде автор "Жол" деген роман-китебин жазган.
Түгөлбай Сыдыкбеков КР эл жазуучусу, КР илимдер академиясынын академиги, Сталиндик, кийин СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, эки жолку “Ленин” орденинин, “Эмгек Кызыл туу”, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси, Кыргыз Республикасынын тунгуч Эл Баатыры болгон.
Миталип Мамытов, академик
"Азия Ньюс" гезити