Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинада каза болгон орус аскерлеринин тизмеси купуя сыр деп таанылды

Украинада каза болгон орус аскерлеринин тизмеси купуя сыр деп таанылды

07-июнь, 11:44
421 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда сот Украинада каза болгон россиялык аскер кызматкерлеринин аты-жөнү жазылган тизмени мамлекеттик купуя сыр деп тааныды. Светлогорск шаарынын сотунун чечими менен Псковдогу 60.RU басылмасынын сайтына жарыяланган тизме купуя сыр деп аныкталгандан кийин Новосибирсктеги NGS.RU, Красноярсктагы NGS24.RU жана Омск шаарындагы NGS55.RU порталдары каза болгон орус аскерлеринин тизмесин сайтынан алып коюшту.

Басылмалар тизмени ачык булактардагы расмий маалыматтардан чогултушканы белгилүү болгон. 60.RU сайтына каршы арыз менен сотко Россиянын Балтика флотунун аскердик прокуратурасы кайрылган.

Рорссия Украинага басып киргенден бери согуш токтой эле. Украин тарап жок кылынган орус аскерлеринин саны кеминде 31 миң экенин билдирүүдө. Орус тарап 1351 аскерин жоготконун 25-мартта расмий түрдө айткандан бери бул маалыматын жаңылай элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер