Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Атаандаштык Жапаров менен Мадумаровдун ортосунда жүрөт”

Бакыт Бакетаев: “Атаандаштык Жапаров менен Мадумаровдун ортосунда жүрөт”

06-декабрь, 13:38
1 662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттикке талапкерлердин өз позициясынан тез кайтып кетүүсүн эмне менен байланыштырасыз?

-Мен саясат талдоочу катары изилдеп көрүү максатында президенттикке талапкерлигимди коюп көрдүм. Биздин конституциялык мыйзамдардын негизинде талапкер болуу абдан оңой экен деген жыйынтыкка келдим. Эч бир жарандын укугу тебеленбейт, БШКга документтер дароо кабыл алынат. Кыргыз тилинен тест тапшырдым, ал дагы оңой экен, болбосо мен биринчи жолу кыргыз тилинде дилбаян жаздым. Күрөө суммасын төлөөгө даяр болгон тааныш, жоро-жолдоштор да табылат экен. Алтургай 30 миң кол чогултууга жардамын сунуштагандар да чыкты. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат? Мисалы, менде ошондой жардам сунуштагандарга ыраазычылык пайда болду. Кокус, президент болсом, алардын айтканын эки кылбагыдай ой жаралды. Мындай нерсе башка талапкерлерде да болсо керек деп ойлойм. Талапкер президент болгонго чейин эле кайсы бир адамдардын жетегинде калат экен. Ал эми суроо боюнча айтсам, жалаң гана өзүн мамлекеттин башкы кызматынан көрүүгө ишенгендер талапкер болгон жок. Ар биринин максаты ар башка, кимдир бирөө соодалашууга, айрымдары мен сыяктуу баамдап, байкап көрүү үчүн ат салышкандар. Анын баары азыр белгилүү болуп калды. 

-- Саясатта, айрыкча президент болууга аттанган адамда туруктуулук принциби канчалык деңгээлде маанилүү?

-Биздин коомдо туруктуулук деген өтө философиялык түшүнүккө айланды. Туруктуулук бир гана коммунисттерде болгон. Азыр тилекке каршы, бул түшүнүк менен дос болбогондор көп. Саясатчы көз карашын, кабыл алуусун алмаштыра алат, анткени убакыт бир ордунда турбайт. Доор алмашат, коом өзгөрөт. Айланасы өзгөрүп жатса, ал өзгөрбөй бир пикиринде көгөрүп тура бербейт. Саясый көз караш өзгөрүп турбаса, эскирип, иштебей калат. Бирок элдин кызыкчылыгына, өлкөнүн бакубат жашоосуна байланышкан каалоосу туруктуу болушу шарт, президенттикке чейин да, бийликке жеткенден кийин да. Ушул туруктуулугу аркылуу элдин колдоосуна же жерүүсүнө туш болот. 

-- Жапаров дагы жөнөкөй эле талапкер да. Анда эмнеге саясый сүйлөшүүлөр, келишүүлөр аны менен жүрүүдө?

-Жапаровду парламенттин депутаттарынын басымдуу бөлүгү, элдин көп катмары колдоп жатат. Өзү өтпөсүнө көзү жеткен талапкерлер анын баарын көрүп, күчтүү талапкер менен саясый сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Саясаттын табияты ушул: алсыздар күчтүүлөрдүн тегерегине чогулат. Эмне болсо да, мындай сүйлөшүүлөр мамлекетибиздин келечегине пайдалуу болсо болду. 

-- Президенттикке талапкерлердин айрымдары менен келишүүлөр болуп жатат. Мисалы, Садык Шер-Нияз. Ал татыктуу атаандаш болгону үчүн ушундай кадамдар кабыл алынуудабы же дагы башка себептери барбы?

-- Эки гана күчтүү талапкер бар: Жапаров жана Мадумаров. Башынан кандай максатты көздөп талапкер болгондор акыры ошону иш жүзүнө ашырышат. Бири саясый соодалашууга барат, экинчиси талапкер болуунун алгачкы процессин көргөндөн кийин артка кайтат. 

-- Талапкерлердин кимисин татыктуу атаандаш деп айта аласыз?

-Атаандаштык жогоруда белгилегенимдей, Жапаров менен Мадумаровдун ортосунда жүрөт. Бул эки талапкердин тең саясый көз караштары элге белгилүү, өздөрүнүн электораты бар. Ошондуктан, жарыш ушул экөөнүн ортосунда болот. Кимиси мамлекеттик башкаруу системасын туура тандап алса, эл ошого тартып кетет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер