Акыркы кабарлар
» Саясат » Чыныбай Турсунбековдун капчыгына оппозициялык күчтөр кызыгууда
Чыныбай Турсунбековдун капчыгына оппозициялык күчтөр кызыгууда
02-февраль, 13:13


Бийликтин негизги партиясы Чыныбай Турсунбековду жерип, катарына кошкусу келбегени менен башка таасирдүү күчтөрдөн сунуштар түшүп атканы жашыруун эмес. Кайсы бир катмарда колдоосу арбын, капчыгы калың Чыке ачык оппозицияга кетпегени менен ичтен ызырынып, шайлоого даярдыгын баштап, саясый консультацияларды жүргүзүп аткан кези. Азырынча так бүтүмгө келе албай, үч-төрт багытта сүйлөшүүлөрдү улантып, катуу чамынууда. Сыягы, оппозициялык маанайдагы эл күтпөгөн партияга кирип, түпкү максатына жетүүнү көздөп турат. Келечекте бийликке каршылык көрсөтүүнү Чыныбай Турсунбековдон күтө берсек болот...
Aryba.kg











