Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадр саясаты: “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”

Кадр саясаты: “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”

28-февраль, 19:14
1 045 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушундай. Кадр саясатына түшүнүксүз эксперименттерди жүргүзүп жатышып, жыйынтыгында ишеним акталбай же коррупцияга баткан көрүнүштөргө күбө болуп келебиз. Буга чейин министрлик кызматтарга кимдер гана келип-кетишкен жок? “Кол ийрисине тартуу”, жердешчиликке ыктоо таризиндеги аракеттерден майнап чыкпады. Бирок дагы эле оңоло албай келебиз. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри катары Мирбек Мамбеталиев дайындалды. Азырынча бул кадрды орой мааниде сындагыбыз келбейт. Арсарлык, шек жаратканы байкалды. Балким, ишин жөндөп, системага ийгилик жаратабы? Абай сала туралы. Аныгында, Мирбек Мамбеталиев ушуга дейре 28 ирет кызмат алмаштырып, “күлү бир жерге додо болбогону” кызык экен. Маданият тармагында бир күн да иштебептир. Улуттук идеология, тарыхый мурастар боюнча кабарсыз экен. Эми андан башкасын айтканда не? Натыйжада, резиденцияга жакын бала көрүнөт. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, жогортон түшкөндөн кийин аргасыздан парламент жактырып отурат. А эң башкысы, оор тармактын жүгүн тартып кете алабы? Ашып кетсе эки-үч айда дарамети калчанат. Ошондо оңдой берди болбой, кетип калабы? Бизде көпчүлүк чиновниктердин ташы өйдө кулабай, жаза басып жатышканы да ушундай ыраатсыздыктан уланып атса керек.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер