Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизде жеке менчик корголушу абзел, тилекке каршы, аткарылбай келет”

“Бизде жеке менчик корголушу абзел, тилекке каршы, аткарылбай келет”

13-май, 18:33
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстанга инвестиция келбесе, ишкерлерди качыра берсек, өнүгүүнүн келечеги кандай болот?

Расул Тулеев, экономика боюнча эксперт:

-- Негизи, Кыргызстанда инвестициялык потенциал бар, болгону туура колдонуу керек. Мисалы, милдеттүү камсыздандырууну өнүктүрүү зарыл. Себеби, өнүккөн мамлекеттерде экономиканы өнүктүрүү инструменттердин бири болуп эсептелет. Бирок, ишкерлердин көбү биздин кырдаалга көнүп деле калды, чынында биздеги саясый абал дайыма эле ишкерлерге кыйынчылыктарды жаратып турат. 

Дагы бир айта кетчү нерсе, жаман мыйзам болсо дагы туруктуу иштесе, өнүгүүгө үмүт кылабыз. Ошондуктан, азыркы учурда мыйзамдар жана өкмөт шайлоолорго чейин бир калыпта сакталса, бул өсүүгө алып келет. Азыркы өкмөттүн аракеттери көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга багыт алып, толугу менен ишке ашса, алдыга жылууга үмүтүм бар. Негизи, бизде ишкерчилик толугу менен таза болгондо, балким, азыркыдай кустуризацияга туруштук берет эле.

Аскар Сыдыков, эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору:

-- Өкмөт ишкерлерге кам көрүп, сөзсүз түрдө салык төлөө жолдорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүүсү шарт. Биз эл аралык рейтингдерди карап көрсөк, ушул жаатта позицияларыбыз көп деле жакшы эмес жана өспөй келет. Бирок эртеңкиге үмүт чоң. Эгер чечкиндүү чараларды көрүп, таза, иштин көзүн билген кадрларды алып келсек, эл аралык тажрыйбаларды эске алып, ошого жараша мыйзамдарды жөнөкөйлөтүп, ишкерлерге, бизнеске болушунча эркиндик берүү зарыл. 

Ар кандай милдеттенмелерди койбой, эркиндик берсек, кичи-орто ишканалар чоң компанияларга айланышына мүмкүнчүлүктөр бар. Себеби, элибиз ишкерликке жакын. Жаңы идеялар абдан көп. Биздин саясый географиялык позициябыз аябай ыңгайлуу. Суу, дээрлик жаратылыш ресурстары, кендер көп, өнүгүүгө бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн талыкпай эмгек кылышыбыз гана керек. Баарыбыз билгендей, көп жакшы кадрларыбыз, акылдуу, билимдүү уул-кыздарыбыз сыртка чыгып кетип жатышат. Алар менен кошо капитал дагы агып кетүүдө. Ошолордун баарын топтоого ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз шарт. Анын баары белгилүү. Кыскасы, жеке менчик корголушу абзел. Муну көп эле айтып жүрөбүз, тилекке каршы, аткарылбай келет. Ошонун үстүнөн иштеп, жеке менчик укуктар корголуп, мыйзам кыйшаюусуз аткарылышы зарыл. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер