Акыркы кабарлар
» Саясат » Партиялар четтен кете баштады
Партиялар четтен кете баштады
13-август, 10:48
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстан Коммунисттер партиясы 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого барбай турганын билдиришти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 12-августтагы отурумунда партиянын билдирүүсү каралып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Кыргызстан Коммунисттер партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз катары табылды.
"Азия Ньюс" гезити