Артур Медетбеков, генерал: “Ташиев коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, эктремизмге катуу сокку урду”

-- Артур агай, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге киллерден кат келип, коомчулукта ар кандай ой-пикирлер жаралды. Мындай көрүнүш мурда болгонбу, башка өлкөлөрдө кандай?..
-- Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасына жазылган киллердин каты коомчулукта чоң талкуу жаратып, ар кандай карама-каршы пикирлердин айтылышына негиз түздү. Себеби, киши өлтүргүч киллер жазган кат өтө түмөндүү ойлорду жаратып, адамдардын психикасына таасир этип, дүрбөлөңгө түшүрдү. Чынында Кыргызстанда 33 жылдын ичинде киллер же буюртма берген адамдардын алдын ала эскертип кат жазган көрүнүш болгон эмес. Бирок, мамлекеттин даражалуу кызматында иштеген адамдарды өлтүрүү боюнча пландалып, граната ыргытылып, пистолет менен аткан учурлар кездешкен. Дүйнө жүзүндөгү окуяларга сереп салсак, киллер же буюртма алып киши өлтүргөн адамдар ачык кадамга барбай, күтпөгөн мезгилде кол салышат.
-- Киллер кебетесинен эле жүрөк үшүн алган сүрдүүбү, же ал коомчулукка байкалбаганга аракет кылабы? Буюртма өлтүрүүлөр менен шугулдангандар кандай “артыкчылыктарга” эгедер?..
-- Кээ бири көзгө атар мергенчи болсо, айрымдары дасыккан аскер кызматкери жана бомба, мина жардыра турган тармакта иштеген адистер катары саналат. Атайын заказ менен өлтүрө турган адамдардын тажрыйбасы, даярдыгы мыкты болот. Алар тымызын киллер же киши өлтүргүч катары эмгектенишет. Ошондой эле психологиялык жактан оорулуу же катуу ыза тартып, кордук көргөндөр дагы өч алуу максатында адам өлтүрүүгө барышат. Жаз, күз айларында психикалык жактан жабыркагандардын оорулары өрчүп, ойго, түшкө кирбеген мыкаачылыктарды жасап койгондор да бар.
1980-жылдары АКШнын президенти Рональд Рейганга Вашингтондогу «Хилтон» мейманканасынан чыгып баратканда кол салып, президент жана аны менен кошо жүргөн үч адам жарадар болгон. Ок аткан адам психикалык оорудан дарыланып жатканы аныкталган. Оорулуу, аянычтуу көрүнгөндөр дагы кээде ушундай кадамдарга барып коюшат. Ошон үчүн “кат жазды” делген киллер такталып, ага буйрук бергендер дагы аныкталып, жоопкерчиликке тартылып, жаман ою бар адамдарга сабак болушу кажет.
-- Киллер менен буюртма берген адам жолугабы же ортомчулар аркылуу иш бүткөрүшөбү?
-- Көпчүлүк учурда киллерлер кызмат акысынын 50 пайызын алдын ала алып, буйрук аткаргандан кийин калганын алган схемалар менен иштешет. Заказчиктер ортомчулар аркылуу буюртма бергени үчүн киллерди көрбөй, ким экенин билбей да калышат. Эгер киллер буюртманы аткарбай калса, аны башка киллер аркылуу көзүн тазалаганга аракет кылышат. Ошон үчүн алар кандай күндө да буюртманы аткарууга ашыгышат.
-- Камчыбек Кыдыршаевич киллер жалданчудай иштер менен алектендиби?
-- Камчыбек Кыдыршаевич акыркы мезгилде коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, эл аралык терроризмди, эстремисттерди майтарууда орчундуу ийгиликтерге жетишип, терс күчтөргө каршы чоң эле сокку урду. Албетте, иштеген кишинин кемчиликтери да болот. Бирок, ошого карабастан ишти так жана бир тараптуу алып барганга баардык күчүн жумшады. Балким, киллерге буюртма бергендер Ташиевдин өзүн, үй-бүлөсүн коркутуп, ошого катар мамлекеттин башка дагы жетекчилерине сес көрсөтүү максатында кат жазышы мүмкүн. Териштирүү иштеринин натыйжасында, ыкчам издөө, тактоо, оперативдик техникаларды колдонуу менен киллерди эле эмес, ага буюртма берип, курал-жарактарды камдагандар да табылышы керек.
Буга чейин деле уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү, терроризм, экстремизмдин тамырын кыркууда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине деле “атып кетем, жардырып салам” деген анонимдүү каттар, телефон чалуулар, смс же электрондук почталар аркылуу билдирүүлөр келчү. Бирок, алар аны официалдуу жарыялачу эмес. Көп учурда алар табылып калчу же жөн эле психологиялык атакалык негизде айтылган көрүнүштөр экени ачыкталчу.
"Азия Ньюс" гезити