Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Качкын Булатов, укук коргоочу: “Өкмөт ортомчуларга бөгөт койсун, элибиз кыйналып кетти”

Качкын Булатов, укук коргоочу: “Өкмөт ортомчуларга бөгөт койсун, элибиз кыйналып кетти”

07-октябрь, 18:12
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Качкын ага, күздүн бышыкчылык убагында азык-түлүк, жер-жемиштердин баасы өсүп жатканына кандайча түшүндүрмө беребиз? Өкмөт, айыл чарба министрлиги иштеп атабы?

-- Бул жерде бир кызык нерсе бар, учурда баардык жер-жемиштер, жашылчалар бышып турган кези. Ошол эле учурда кымбатчылык жанга батууда. Дыйкандардын маңдай акы тери менен жыл бою иштеп тапкандары чыгашасын жапса жаап, жаппаса банкротко учурашууда. Ал эмнеден? Жанагы ортомчу соодагерлер бааны бузуп, дыйкандан арзыбаган акчага сатып алып, базарга эки-үч эсе жогору өткөрүп атат. А биздин өкмөт ушундай жагдайды көзөмөлгө алып, ортомчулардын иштерине бөгөт коё албаганы абдан өкүндүрөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев “бандиттерди, уюшкан кылмышкерлерди бир жыл ичинде жок кылам” деди эле. Айтканын иш жүзүндө далилдеп көрсөткөнүнө жалпы журт күбө. Ортомчуларга да ушундай күрөш керек. Бул бир эле багытта эмес, мал алып сатууда, анын этин базарга өткөрүүдө да маселе бар. Деги койчу, кайсы жакты караба ортомчулар эле жыргап жатышат. А элибиз кыйналып кетти...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер