Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Нефти менен газды бирдиктүү иштете турган орган болушу зарыл”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Нефти менен газды бирдиктүү иштете турган орган болушу зарыл”

03-июнь, 09:00
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда нефть, газ өндүрө турган канча аянтыбыз жана кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар? Бул боюнча тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агай ой бөлүштү.

-- Дүйшөнбек агай, тоо-кен тармагынын келечеги, көйгөйлөрү тууралуу кызыктуу ой бөлүшүп келесиз. Ал эми нефтегазга байланыштуу кыргыз жергесинде кандай мүмкүнчүлүктөр, ресурстарыбыз бар?

-- Үстүбүздөгү жылдын 24-май күнү “Кыргызнефтегаз” өнөр жайы бүгүн кандай жагдайда, кандай жардамдар керек экендиги тууралуу талкуу болду. Бул талкууга жалпысынан министрликтердин жетекчилери, адистери, биздин ушул ассоциациянын эксперттери ж.б. нефтегаз менен иштешип жаткан компаниянын өкүлдөрү келди. Анын ичинде Кытай компаниясынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү да болду. “Кыргызнефтегаз” өнөр жайына эмгеги сиңген, жакшы билген адам катары Апаз Жумагулович да катышып, өз ойлорун айтып кетти. Андан сырткары, кыргыз геология кызматынын жетекчисинин маалыматы айтылды. Мен өзүм дагы кириш сөз учурунда, андан кийин да өз пикирим менен бөлүштүм. 

Азыркы кезде ГКЗ деп коёбуз, ошонун балансында 89 млн. тонна нефть бар. Анын ичинен 11 млн. тоннасын өздөштүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар деп айтылып жатат. Ушул нефть менен газга келечектүү жерлердин жалпы аянтын 22 миң кв. километрден ашыгыраак экен. Бүгүнкү күндө биз 5 миң кв. километр жерди өздөштүрүп иш алып барып келебиз. Ал жерлер бүгүнкү күндө Фергана өрөөнүнө туш келип, ошол жерлерден өндүрүлөт. Негизи Кыргызстанда биринчи жолу нефть жөнүндө маалымат 1867-жылы пайда болгон. Ал эми 1901-жылдан тартып биринчилерден болуп нефть өндүрүү процесстери башталган. Чындыгында бизде нефтегазга байланыштуу кыргыз жергесинде кандай мүмкүнчүлүктөр, ресурстарыбыз бар экендиги тууралуу жумуштар 2007-2010-жылдары жүргүзүлгөн. Ошол маалыматтын негизинде бизде бүгүнкү күндө күйүүчү майларга болгон муктаждыгыбыз 1,6 млн. тонна болсо, учурда Кыргызстанда нефть өндүрүүчү, нефть кайра иштетүүчү 10дой заводдорубуз бар. Биз 2023-жылдын жыйынтыгы менен 184 миң тонна нефть, 27 млн. куб газ өндүрсөк, өзүңүз байкагандай, жетишсиз болуп эсептелет. Биз жок дегенде 2,5 млн. тоннадай чийки нефть өндүрүшүбүз керек. 

2007-2010-жылдардагы изилдөөлөрдүн негизинде 2400дөн ашык нефть менен газга бургулоо жүргүзгөн скважина бар. Анын ичинен 900 скважина “Кыргызнефтегаздын карамагында, ал эми 200 скважина башка лицензия алган компанияларда. Жалпы Кыргызстан боюнча берилген лицензиялардын саны элүүнүн тегерегинде. Ошол 2400 скважинанын 190у Өзбекстан менен толук чечилип алына элек болсо, 11 скважина Тажикстан тараптан алына электиги айтылды. 1200 скважина азыркы учурда эч кимдин карамагында эмес. Бул маселелердин үстүндө Кыргыз өкмөтү иштеш керек.

-- Жогоруда айтылган жалпы аянттарда нефть чыга турган мүмкүнчүлүктөрүбүз барбы? 

-- Ушул убакытка чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Фергананын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш тарабы аябай келечектүү деп эсептелинет. Анын геологиялык кору 38 млн. тоннадан ашык болсо, болжолдуу кору 245тен 260 млн тоннага чейин деп эсептелинген. Чүйдүн чыгыш тарабында болжолдуу 180 млн. тоннадай десек, Ысык-Көлдөгү ойдуңда 180 млн. тоннадай болжолдуу кору бар деп айтылат.

Кыргызстанда жалпысынан ондой ойдуңдарда болжолдуу кору 765 млн. тоннадан 1 млрд. 360 млн. тоннага чейин жетиши мүмкүн. Демек, бизде нефть бар деп айта алабыз.

-- Мынча нефтини өндүрүп алуу үчүн биз эмне кылышыбыз керек?

-- “Кыргызнефтегаз мекемесинин иштери бүгүнкү күндө алгылыктуу эле жүрүп жатат, бирок биз муну жетишсиз деп эсептейбиз. Дагы кошумча каражаттардын негизинде алдыга кадам таштапжасала турган көп максаттар турат. Биз министрлер кабинетине сунуш кылат элек: бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз мекемесинен сырткары дагы көп мекемелер иш жүргүзүп жатат. Учурда инвестициялык саясатты жүргүзө турган, Кыргызстанда жайгашкан нефти менен газды бирдиктүү иштете турган орган болушу зарыл. Ошого байланыштуу министрлер кабинети нормативдик, укуктук документ чыгарып, “Кыргызнефтегаз мекемесине керектүү ыйгарым укуктарды бериши керек. Кыргызстанда лицензия алган компаниялар менен биргелешип инвестициялык саясат жүргүзгөнгө, жаңы программаларды иштеп чыгууга аракеттер зарыл. Андан сырткары, нефтегаз өндүрүүгө келечектүү Фергана, Чүйдө геофизикалык алгачкы иштерди жүргүзгөнгө, бургулоо иштерине керектүү каражаттар талап кылынат экен. Мына биз жакшы билебиз кыргыз өкмөтү президентибиз баш болуп “Кыргызкөмүр ишканасына көп жардамдар берилди, берилип келе жатат. Техникалык маселелер чечилип, кошумча лицензиялар берилип, кыргыз геология мекемесине көңүл бурулууда. Мурда болгону 20 млн. сом бөлүнүп келсе, азыр миллиард сом бөлүнүүдө.

Ушул сыяктуу кыргызнефтегаз ишканасына жардамдар берилсе келечекке жакшы кам көрүлүп, өзүбүз жеке нефть продуктыларды өндүрө турган болсок, өз муктаждыктарыбызды жапканга чоң мүмкүнчүлүктөр жаралмак. Учурунда биздин коңшу Россия, Казакстан өлкөлөрү жаз айларында, күзгү жыйым-теримдерде бизге жөнөткөн күйүүчү майларын токтотуп койгондой маселелер жаралып калат. Биз азыр ошол маселелерди ойлонуп алдыга жылсак түзүк болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер