Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылды

Тажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылды

06-сентябрь, 19:31
374 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тажикстанга баш калкалоо үчүн келген ооган качкындары 5-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кат жолдоп, аларды Ооганстанга күч менен депортация кылууну токтотууну суранышты. Анда алардын айрымдары үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү үчүн виза алуу алдында турушканы жазылган.

“Азаттыктын” тажик кызматынын ишенимдүү булактары акыркы күндөрү 100дөн ашык ооган качкындары Тажикстандан өз мекенине күч менен чыгарылганын билдирди. Атын атагысы келбеген жеке булак ишемби күнү эле 22 киши Ооганстанга депортация болгонун айтып берди. Тажикстандын бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар боюнча жогорку комиссары тажик бийлигин оогандарды күч менен депортациялоону токтотууга чакырган.

Тажикстанда 10 миңге жакын ооган жараны жашайт. Көпчүлүк ооган качкындары “Талибан” радикалдык кыймылынын куугунтугунан коркуп, Тажикстанга кире качкан. Оогандыктардын көбү Тажикстанды транзит өлкө катары пайдаланып, андан ары Батыш мамлекеттерине чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген төрт миңдей ооганстандык качкын үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер