Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Тажибай: “Мугалимдердин жоопкерчилиги өзгөрбөйт”

Алмаз Тажибай: “Мугалимдердин жоопкерчилиги өзгөрбөйт”

03-декабрь, 20:23
1 292 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Билим берүүнүн жаңы министри Алмаз Бейшеналиев “декабрдан баштап мугалимдердин кагаз иштери 50%га кыскарат. Мугалимдер убактысын билим берүүгө жана тарбия иштерине жумшоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Билим берүү тармагы толук санариптешсе, кагаз толтуруу иштери дагы да төмөндөйт” деп белгиледи. Бул жаңы реформага сиз кандай пикирдесиз?

-- Ар кандай реформалар билим берүү чөйрөсүндө билим берүү стратегиясынын же концепциясынын алкагында жүрүшү керек. Эгерде мугалимдердин кагаз иш документтерин санариптештирсе эле мугалимдин мойнундагы жоопкерчилиги же иштери өзгөрбөйт, керек болсо билим берүү сапатын камсыз кыла албайт. Мугалимдер куррикулум аркылуу өз методикасы менен сабак жүргүзүшү керек. 2016-жылы Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты өкмөттүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген. Демек ошого таянсак, биздин билим берүү багыты компетенттик негизге умтулган. Куррикулум тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын арасында предметтик стандарттар, окуу пландары, окуу-методикалык комплекстер бекитилген. Мугалимдердин күнүмдүк сабак пландарын алып салса, анын ордуна окуучуларга берген билиминин баалоо тутуму бекитилип, предметтин стандарттары камсыз кылынышы абзел. Балдардын окуган жыйынтыгы болуш керек. Ал үчүн бир жылда 4-5 отчет жазып берип турса эле жетиштүү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер