Саясатчы Канатбек Исаев да бычактын мизинде турат...
Алмазбек Атамбаев 2017-жылы Канатбек Исаевди мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга, бийликти басып алууга шектеп, УКМКнын СИЗОсуна каматып салган. Ойдон чыгарылган, курулай мааниде токулган кылмыш иши коомчулуктун сынына кабылып, суу кечпей калганы эсибизде. Канатбек Исаев түрмөдө жатканда айрым саясатчылардай коркуп калбай, байма-бай үн катып, бийликти сындап, көкжалдыгын көрсөтүп келгени ырас. Акыйкат үчүн күрөшүп жатып, акыры он айдан кийин эркиндикке чыккан эле. 2018-жылдын июль айында.
Ушул жерден кызыктай бир жагдайга токтололу. Агезде Сооронбай Жээнбеков президент катары Алмазбек Атамбаевдин үстөмдүгүнөн арылып, өз алдынча башкаруу жүргүзүп калган да. Бара-бара Канатбек Исаев менен жакшы мамиледе болуп, бир кемедеги тилектештердей образ жаратышканын кантип жашырабыз? Бирок Сокенин котур ташы койнунда катылып, же арамзалыгы башынан эле ашынып турчу беле, айтор, Канат мырзага козголгон кылмыш ишин кыскартпай, убактылуу токтотуу менен кармап жүрүп, акыры өзү дагы бийликтен тебилип түшкөнүн көрдүк.
Учурда саясатчы Канатбек Исаев куугунтукка алынып, Сокенин “сүрсүткөн белеги” да бүтпөй, ортодон экс-депутат Руслан Чойбековдун кылмыш ишине күбө катары суралып, ага улай Бакыт Жетигенов жана чүйлүк балдардын камалышы боюнча тергөөгө алынып, кыскасы, ар тарабынан кысымга калганы кабарланууда. Мындайча айтканда, бычактын мизинде турганы жашыруун эмес. Бирок, табиятынан күрөшчүл, караңгыдан көз тапкан каарманыбыз эч кандай кабатырланбай, башка түшкөндү көрүүгө бел байлап, тобокелдик мүнөзүнө салып, келечектеги ашууларга саресеп кылып жаткандай...
“Акылдуу адам душманын дос кылат” демекчи, алакандай кыргыздын мыктычыкмалары бирин-бири “жей бербей”, арканды алыс ыргытуу менен мунасага келишсе не? Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн адилеттүү башкаруу камсыздалса, ошого жараша туруктуулук да жолго салынат эмеспи. Кылдан кыйкым издөө кечээги бийликтин “табылгасы” экен, эми мындайды артка таштайлы...
Калыгул олуя бекеринен “Сарыбагыштан экөө катар жүрбөс, бирөө үзүлбөс...” деп айтпаса керек.
"Азия Ньюс" гезити