Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айнура Акматова: "Илдет менен күрөшүүгө бардык медициналык билими барлар тартылат"

Айнура Акматова: "Илдет менен күрөшүүгө бардык медициналык билими барлар тартылат"

23-июль, 21:25
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси менен маек.

Айнура Акматованын айтымында, вирустун экинчи толкуну боюнча так жоболор иштелип чыга элек. Бирок, аймактарда ооруканалар даярдалып, бардык медициналык окуу жайды аяктагандар атайын окуулардан өтүп жатканын билдирди.   

-- Бишкекте оору басаңдап калганы чынбы?

-- Статистикалык маалыматтар күн сайын берилип жатат, өзүңүздөр байкап жаткандай, өткөн аптага салыштырмалуу, бул жумада негизинен учурлардын катталуусу азайып калды десек болот. Медицина кызматкерлеринин арасында илдет жугузгандар да кыскарды. Буга чейин каза болгон бейтаптардын туруктуу саны жетимиштен кем болбой жатса, азыр кыскарды. Албетте, бул кубанычтуу деле кабар эмес, анткени баары бир жоготуулар болууда. Республикалык штабдын жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө, жергиликтүү бийликтегилерге тез арада каза тапкандардын санын  азайтууну камсыздоо, өнөкөт оорусу бар бейтаптардын да өмүрүн   сактап калуу тапшырмалары коюлду. 

-- Бишкекте абал турукташканы менен илдет аймактарда күч алып жатканы айтылууда. Региондордо жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүүбү? 

-- Башында, кычкылтек концентраторлору, ИВЛ аппараттар жетишпей жаткан. Коомчулук оор учурда жабдыктар менен камсыз кылып жатты. Бирок, азыр өлкөгө эки миңге чукул концентратор алынып келинди. Ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек тутумдар орнотулуп жатат,  электр энергиясы маселе жараткан алыскы аймактарга генератор коюу тапшырылды. Андан сырткары, бейтаптар клексан, гепарин препараттарын таба албай убара тартты. Буга чек аралардын жабылып калганы, дары сатуучу өлкөлөрдүн өздөрүнүн муктаждыктары себеп болгон. Азыр дары-дармек таңкыстыгын жоюу максатында сүйлөшүүлөрдүн негизинде миң, он беш миң таңгак болсо да алынып келип жатат. Аймактарда илдеттин күч алуу ыктымалдыгы бар. Бирок, бул жактагы кырдаал курчуп баштагандан бери эле региондорго да даярдыкты күчөтүү тапшырмалары берилген. Ошондой эле социалдык же мамлекеттик аптекаларды ишке киргизүү аракеттери көрүлүп жатат. Штаб тарабынан облустардын борборунда инфекциялык койкаларды даярдоо, ар биринин ичине реанимациялык палаталарды түзүү керектиги айтылды. Имараттар жаңы салынбайт, тандалып алынган мекеме оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, санитардык нормаларга келтирилип, күзгө чейин даярдалышы кажет. Саламаттык сактоо министрлиги мындай убактылуу ооруканалардын ичиндеги жабдууларга жооптуу болот. 

-- “Вирустун экинчи толкуну башталат” деген божомолдор кайсы айларга туш келиши мүмкүн?  

-- Чынын айтканда, бул боюнча ар кандай божомолдор айтылып келет. Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык эксперттер менен бирге жобо иштеп чыккан, ага ылайык буга чейинки иштер аткарылды. Азыр экинчи толкун боюнча так прогноздор чыга элек. Бирок, экинчи толкун болсо-болбосо да биз бардыгына даяр болушубуз керек. Республикада дарыгерлердин жетишсиздиги жашыруун эмес. Ошондуктан кырдаалдан чыгуу максатында бардык медициналык билими барлар, тагыраагы, тиш доктурлардан тартып, рентгендин жыйынтыгын окуганды, укол жасап, капельница койгонду билгендерди онлайн вебинарлар аркылуу окутуулар жүрүп жатат. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер