Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Эрбаев УКМКнын аброюн көтөрүүгө канчалык деңгээлде салым кошот?

Алишер Эрбаев УКМКнын аброюн көтөрүүгө канчалык деңгээлде салым кошот?

09-июнь, 16:27
93 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Февраль айында Камчыбек Ташиевдин ызы-чуусунан кийин УКМКнын орун басарлары шашылыш дайындалып калганын жазганбыз. Кечээ Уранбек Шадыбеков ээлеген ордунан кетти. Калгандары да иргелсе керек...

     Буга чейин аталган кызматтын аброю түшүп, элге жек көрүнүп калганын кайда жашырабыз? “Кустуруу”, зордук-зомбулуктар боюнча жүздөгөн арыздар башкы прокуратурага жазылып жатканы кабарланган. Али жыйынтыгын көрө элекпиз. Убакыттын өтүшү менен УКМКнын кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттер канчалык деңгээлде ишке ашат?

     Айтмакчы, УКМК орун басары Алишер Эрбаев Жогорку Кеңешти тейлеп, мыйзамдарды өткөрүүдө, суроолорго жооп берүүдө кыйындыгын көрсөтө баштады. Мурдагы чакырылышта “Бүтүн Кыргызстан” партиясы аркылуу депутат болуп, жетиштүү тажрыйба топтогону байкалып турат. Нурланбек Шакиев мандатын тапшырып кеткенден кийин Алишер Эрбаев кайрадан келиши керек эле. Бирок ал УКМКга орун басар катары дайындалып калган соң, таасирдүү креслосун депутаттыкка алмаштыргысы келген жок. Атайын кызматтын укуругу узун эмеспи. Колу баардык жерге жетет, натыйжалуу... Мындай шартта Алишер Эрбаев улуттук коопсуздукту камсыздоо менен системанын аброюн көтөрүүдө кандай ийгиликтерге жетише алат? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер