Дүйнө дүрбөлөңү...
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)
Палестинанын кийинки тарыхы араб халифаты менен байланыштуу. Биздин замандын 634-жылы Палестинаны халиф Абу Бакрдын аскери басып кирет. Ал эми халиф Омор 638-жылы Йерусалимди ээлеген жана еврейлердин Храм тоосуна жанаштырып Аль-Акса мечитин курдурган. Исламдын таасири астында мурдагы эллинисттик калк арабдашууга өтөт. Араб халифаты Х кылымда алсыраган соң, Палестинаны Египеттин тулуниддер династиясы башкарган. Андан соң аларды түрк-селжуктар алмаштырат. Ал эми 1098-жылы египеттик фатимиддер кайрадан басып алышкан. Рим папасы Урбан II 1095-жылы христиандарды козуткан Биринчи чырымчылдар (крестоносцы) жортуулун уюштурганы белгилүү. 1099-жылы чырымчылдар Йерусалимди басып алышып, Йерусалим падышалыгын орнотушкан. Алардын карамагына Ливан менен Сирия да өткөн. Бирок, өздөрү эле ачкөздүктүн айынан иоаниттер жана тамплиерлер болуп согушуп жүрүшүп, мамлекетинин түбүнө жетейин деп калышканда, 1187-жылы египеттиктердин аюбиддер династиясынын лидери атактуу Салах-ад-дин чырымчылдардын таш-талканын чыгарып салганы ырас. Андан ары алар монгол баскынчыларына да туруштук беришип, Палестинаны толук ээлешкен. Алтургай мамлюктардын башчысы Бейбарс баштаган армия чырымчылардан Палестина жерин 1266-жылга карата биротоло бошоткон. Еврейлер да качып, чачырап кетишкен көрүнөт...
Эми кезек Осмон империясына келет. Түрк-осмондор Палестинаны 1517-жылы султан Селим Iдин жетекчилиги астында толугу менен басып алган. Натыйжада, Палестина 400 жылдан ашуун Осмон империясынын карамагында болуп, “кыңк” этпей баш ийген. Палестинанын христиандары менен еврейлери “зимми” аттуу өтө чектелген статуска гана жетише алышат. Алар салыштырмалуу түрдө жарандык жана диний эркиндикке ээ болушкан. Курал колдонууга, армияда кызмат кылууга жана ат минүүгө укуктары жок эле. Өзгөчө оор салыктарды төлөшкөн. Палестинанын аз сандагы еврейлери чет элдик кайрымдуулук каражаттары менен гана жан сакташкан. Мунун баары тарых архивдеринде сакталып турат. Демек, “сырттагы еврейлердин” таасири эч качан токтогон эмес. XVI кылымда еврейлер коомдору Израиль жергесинде тамыр байлап, Йерусалим, Хеврон, Цфат жана Тверия шаарларында жашай башташкан жана ал шаарларды өздөрү үчүн “ыйык” деп аташкан. XVIII кылымдын башынан бери дүйнөлүк еврейлердин Палестинага көчүп келүүсүнүн бир нече этаптары орун алып келет. Мындай миграциялык кубулуш иврит тилинде “алия” деп аталат. Алия – бул еврейлердин Палестинага массалык түрдө көчүп келүүсүн ырастаган сөз оюну (белгилеген мен – О.К.). Бул термин еврейлер үчүн өзгөчө дымак менен кабыл алынып, колдонулат. 1700-жылы Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн Палестинага миңге жакын ашкенази-еврейлери көчүп келишкен. Ошол эле учурда түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы Назарет шаарынан араб шейхи Дахир-аль-Омар баштаган араб диаспорасы көтөрүлүшкө чыгышса, 1799-жылы француз импреатору Наполеон Бонапарт Палестинанын төрт маанилүү шаарларын басып алган: Газа, Рамла, Лод жана Яффа. Бирок, түрктөргө Англиянын флоту жардамга келип, француздар Египетке карай чегинүүгө мажбур болушкан.
Мен архивдерден ошол Напалеондун баскынчылыгынан кийинки, б.а. 1800-жылы уюштурулган элдердин каттоосун окудум. Палестинанын жалпы калкынын саны болжол менен 300 миң болгон экен. Алардын ичинен 25 миңи католик жана православ динин тутунушкан христандар. Алар негизинен Йерусалим, Назарет жана Вифлиемде жашашкан. Еврей-сефарддар болсо араңдан зорго миңге жакын калкы менен Йерусалим, Цфавт жана Хеврондо отурукташыптыр. Баарынан кызыгы, калгандары, б.а. 270 миңге жакын палестиналыктар мусулман-суниттер болуп жатышпайбы! Азыркы Палестинанын калкынын курамы кандай? Өзүңөр тыянак чыгара бергиле! Бир эле кичинекей аймакка жайнаган өкүлдөрү отурукташып жатса, түрдүү конфликттер боло берет окшобойбу...
1832-жылы шору каткан Палестинаны Ибрахим-паша башында турган Египеттин армиясы басып алат. Ал башкы резиденциясын Дамаск шаарына жайгаштырып алып, аймакты 8 жыл башкарган. Эң кызыгы, Ибрхим-паша Палестинага европалык стилдеги реформаларды ишке ашырууга үлгүргөн. Натыйжада, Англия баш болгон баардык Европа өлкөлөрү жана АКШ тез арада эле Йерусалимге өздөрүнүн консулдуктарын ачышкан. Бул абал, албетте, дагы деле күчүндө бар Осмон султанатына жаккан эмес. Түрктөр 1841-жылы Палестина менен Сирияны кайрадан өздөрүнө көз каранды кылып алууга жетишишкен. 1880-жылы Палестинанын калкы 450 миңге жетсе, анын 24 миңи еврейлер болчу. Бирок, так ушул мезгилдерде алардын негизги дини катары саналган иудаизмдин ортодоксалдык маанайлары кескин күчөгөн. Раввиндердин авторитеттери өскөн. Россиянын Одесса шаары менен Яффа шаарынын ортосунда пароход жолу ачылгандан кийин Европадан алия катуу күчөгөн. Еврейлердин саны кесин түрдө өсө баштаган.
Диаспораларда жашаган еврейлер ар дайым Сион менен Палестинага кайтуу үмүтү менен жашашат. Анткени, алардын мындай максаттары Библия баштаган баардык ыйык китептерде осуят катары чакырыктарга ширелген. Ортодокс раввиндердин окуулары аларды миң эселеп козутат. 1881-жылы Россиядагы катуу кыйратуулардан соң Биринчи алия деген чакырык менен эбегейсиз сандагы еврейлер Палестинага ооп келишкен.
Палестинаны көздөй көчүп жөнөгөн еврейлердин активдүүлүгү, албетте, сионисттик кыймыл менен да тыгыз байланышта. Саясый сионизмдин негиздөөчүсү – бул Теодор Герцль. Алардын негизги максаты – Израиль жеринде өзүнчө еврей мамлекетин негиздөө болуп эсептелет. 1896-жылы Герцль дүйнөнүн баардык еврейлерин шыктандырган “Еврей мамлекети” аттуу китебин жазган. Бул китеп еврей элинин улуттук идеологиясынын көмөкчү булагы болуп саналат. Ал биринчи болуп Бүткүл дүйнөлүк еврей кыймылын түзгөн. 1897-жылы Биринчи сионисттик конгрессти уюштуруп, Бүткүл дүйнөлүк сионисттик уюмун негиздеген. Заманбап батыштык баалуулуктарга ылайыктап, Теодор Герцль сионисттик кыймылды европалык формага айланткан. Каржы маселесин чечип, уюмду абдан таасирдүү деңгээлге жеткириптир. Ошондуктан, анын ысымы бүгүнкү күндө да еврей эли тарабынан ыйык сакталып келет.
Экинчи алия 1904-1914-жылдары Кишинёв шаарында орун алган ырайымсыз кыйраттуулардын натыйжасында башталган. Баш-аягы болуп 40 миңден ашуун еврей калкы Палестинага көчүп келишет. Биринчи алиянын басымдуу көпчүлүгү ортодокс еврейлер болушса, бул сапар Палестинага социалисттер көп келишип, алгачкы кибуцилерди (айыл чарба коммуналары, белгилеген мен – О.К.) түзүшкөн. 1-Дүйнөлүк согуш Палестинаны дагы бир катуу өзгөрүүгө дуушар кылды. Россиялык еврейлер Владимир Жаботинский менен Иосиф Трумпельдордун демилгеси менен британдык армиянын курамында “Еврей легиону” куралган. Алар Палестинаны багындырып алууга катуу көмөк көрсөтүшөт. Андан соң, мен жогоруда белгилегендей, Англиянын тышкы иштер министри Артур Бальфурдун Палестина аймагынан еврей калкына улуттук өлкө түзүүгө уруксат берүүчү декларация жарыяланып отурат. Ошентип Үчүнчү алия башталган. Анын шары менен Палестинага кошумча дагы 40 миң еврей негизинен Чыгыш Европадан көчүп келишкен. Алар айыл чарбасын өздөштүрүшүп, экономиканы көтөрө башташкан. Иммиграциянын квотасына карабай эле согуштун соңунда көчүп келген иудейлердин саны 90 миңди чапчыган! Алар өлкөнүн саздак жерлерин кургатышып, айыл чарбаны күчөтүшкөн жана жаңы шаар-кыштактарды курушат. 1920-жылдагы араб козголоңу катуу болгондуктан, еврейлердин “Хагандар” (иврит тилинде “Коргоо”) аттуу согуштук уюм түзүлгөн. Андан кийин эл аралык Улуттар лигасы италиянын Сан-Ремо шаарында 1922-жылы Англияга атайын мандат аркылуу Палестинанын аймагында “еврей улуттук үйүн курууга” уруксат бергени белгилүү. Ал учурда Палестинада араб-мусулмандары басымдуу көпчүлүктү түзүшкөнү менен Йерусалимде еврейлер сан жагынан үстөмдүк кылышкан. Яффа шаарындагы бунттун натыйжасында, Британия 1921-жылы Трансиордания королдугун түзүүгө аргасыз эле. Анын аймагында еврейлердин жашоосуна тыюу салынган.
1924-1929-жылдары Төртүнчү алия башталып отурат! Польша менен Венгрияда антисемиттик кагылышуулар күч алгандыктан, дагы 82 миң еврей Палестинага көчүп келишкен. Алар соода-сатык, коомдук тамактануу жана жеңил өнөр жай ишканаларын колго алышат. Германияда Адольф Гитлер бийликке келип, дароо эле улуттук идеологияны көтөргөнүн билебиз. Анын натыйжасында Бешинчи алия башталат жана 250 миң еврей Палестинага кире качат! Мындай баскынчылык арабдардын көтөрүлүшүнө алып келген. 1936-1939-жылдары көп кан төгүлгөн. Аягында Улуу Британия “Ак китеп” аттуу документ кабыл алган жана еврейлердин иммиграциясы токтогон. Бирок, фашисттик Германиянын “Холокост” кыргынынан качкан еврейлер башка өлкөлөрдө башкалкалоо укугунан да ажырап калышат. Анткени, дүйнө өлкөлөрү гитлердик геноцидден качып чыгууга аракет кылышкан еврейлерден баш тартып коюшкан. Ага кошумча болгон англиялык “Ак китептин” тыюу салуусу миллиондогон еврейлердин заманасын курутуп таштаган. Ошондуктан, Палестинадагы еврей коомдорунун демилгелери астында жашыруун “Моссад-ле-Алия Бет” уюму түзүлүп, еврейлерди легалсыз түрдө өлкөгө кабыл алуу иштери башталган. 2-дүйнөлүк согуштун аягында Палестина калкынын 33%ын еврейлер түзүп калган. 1947-жылдын аягында БУУнун демилгесине ылайык британиялык Палестинаны араб жана еврей бөлүктөрүнө ажыратуу чечими кабыл алынган. Ал эми Йерусалимге болсо ошол эле БУУнун башкаруусу астында өзгөчө статус берилген. Бирок, арабдар Израиль мамлекетинин түзүлгөнүнө каршы чыгышат. Натыйжада, бүгүнкү күнгө чейин мезгил-мезгили менен кандуу согуштар уланып келе жатат. Мисалы, биринчи Израиль, Египет жана Иордания согушунан кийин Палестина Израиль, Египет жана Иордания өлкөлөрүнө бөлүнүп калган. Эки жактан тең террористтик согуштар от алды. Дүйнө өлкөлөрү дагы эки тарапка тең жан тарта башташты десек болот. Мисалы, Палестина арабдарын эл аралык уюмдар менен социалисттик лагерь колдоп чыгышты. 1967-жылдагы алты күндүк согушта британиялык Палестинанын көп аймактары Израилдин контролуна өтүп кеткен. 1987-жылы биринчи палестиналык интифада башталып, акырында “Палестинанын боштондук уюуму” (ПБУ, орусчасы, “Организация освобождения Палестины” – ООП) менен Израилдин ортосунда Ослодо эки жолу өз ара сүйлөшүүлөр орун алып, эки тараптуу макулдашууга жетишишкен. 1994-жылы “Палестина улуттук администрациясы” (ПУА) түзүлүп, анын лидери болуп Ясир Арафат шайланган. ПУАнын борбору – Рамалла шаары.
Мен Израиль менен Палестинанын тарыхый аспекттеринен кыскача эле маалымат берип отурам. Мында өтө маанилүү делинген тарыхый фактылар орун алды. Албетте, бул аймактын тарыхы бүткүл адамзатты ойго салып коё турган себепке ээ десек болот! Азыркы күндө саясый, анан калса, диний себептер Жакынкы Чыгышты бир топ курч абалга алып келип койду. Келечеги кандай болот? Кайсы күч бул абалды жөнгө салат? Айтор, суроолор көп, жооп жок!
(Уландысы бар)