Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Даават иш жүргүзүп, кышкы туризмди өнүктүрөлү”


-- Кышкы туризмге карата өкмөттүн натыйжалуу иш-аракеттери байкалбайт го? Кандай сунуш берет элеңиз?
-- Ооба, туура айтасыз. Жайкыга салыштырмалуу кышкы туризмдин аксаганы көрүнүп эле турат. Себеби, менин оюмча, бул туристтик чөйрөдө жакшы драйвинг жок. Жаңыдан велосипедди ойлоп чыкпай эле тоолуу мамлекеттердин тажрыйбасына кайрылсак болмок.
Биздин тоолор Ысык-Көл сыяктуу эле Жараткандын кыргыз элибизге берген эң мыкты белектеринен. Башка сөз менен айтканда, Алла Таала: “Эй, кыргыз пенделерим, мына силерге көл, тоо, табият. Туризм менен жаныңарды багып, жашай бергиле!” деп айткандай болуп жатат. Туурабы? Деңиз, океаныбыз жок, бирок кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көл жана башка көлдөрүбүз бар. Египетте жасалма тоолорду – пирамиданы курушуп, дүйнө боюнча элди өздөрүнө келтирип жатышат. Батыш өлкөлөрү болсо түз жерде “америкалык горкалар” жана ушул сыяктуу аттракциондорду ойлоп чыгышып, дүйнөдөгү баардык жаштарды өздөрүнө кызыктырышууда.
Табигый тоолорубуз да Ысык-Көлдөй даяр киреше булак катары эсептелет. Кичине чыгымдар менен дүйнөлүк курортторго, кышкы эс ала турган жайларга жана спортко ылайыкташтырып, баардык шарттары бар объекттерди куруп салса жарашат. Алыска кетпей, коңшу Кытайдын же СССР учурунда Казакстанга салынып калган “Медео” жана Россиянын Кавказындагы “Домбай” комплекстеринин тажрыйбасын колдонсок болот.
Ошол эле мезгилде сувенир, отель жана кафе-ресторан бизнестерин, элге жаңы жумуш орундарды түзүп, ири ишканаларды өнүктүрсөк. Анын ичинде ислам, Араб өлкөлөрдүн туристтерин халал индустриябыз менен Европадан тартып алсак болот. Айтмакчы, биздин өлкө кырктан ашык (анын басымдуу көпчүлүгү Европа өлкөрү) мамлекеттер менен “жайы-кышы визасыз келе бергиле” деп атайын режим киргизип койгонбуз. Мына ошолорго жакшы даават иш жүргүзүп, кышкыга өлкөбүзгө атайын авиарейстерди ачалы. Чакыралы.
Кыскача айтканда, туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө жөнөкөй чиновниктер эмес, а маселени мыкты түшүнгөн менеджерлер керек!
"Азия Ньюс" гезити











