Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шыкмаматов саясый топтордун оюнчусу, буйрутма аткарган жомокчусу

Шыкмаматов саясый топтордун оюнчусу, буйрутма аткарган жомокчусу

15-март, 22:29
811 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда партиялар жергиликтүү кеңештерге аттанышкан, андан соң парламенттик шайлоого багыт алышат. Мындай шартта маалыматтык күрөш күч алат эмеспи. Негизинен бийликчил партиялардын тиреши ич ара байкалууда. Анан эле таштын жаракасынан чыккандай болуп, Алмамбет Шыкмаматов элге “акылдуу” көрүнүүгө жандалбастап, бир тарабына жан тартып, экинчи жагын шыбап жатып калды. Чечмелейли.

Бийлик бутагындагы жогорку адамдарды Шыкмаматов сындай албайт, айрым таасирдүү фигураларды кыйыта мактап, колдоо көрсөткөнү көрүнүп турбайбы. Ошол эле кезде Райым Матраимовду каралоого алды: “Мамлекетти башкарууда... Саясатка аралашып, уят кылып, эл каршы болсо да парламентке келген жатат” дейт. Мына жомогу! Бажыдан Матраимов эки жарым жыл мурда кеткен, сабырдуулук менен түз келатат. Негизи Шыкмаматовдун жоромолдору суу кечпейт. Бул эргул Акүй ичиндеги кайсы бир саясый топтордон буйрутма алып, окшошпосо да жирей сүйлөп, оппозиция болумуш этип, түпкүлүгүндө “устуканга” жетүү амалында го? Убагында Икрам Илмияновду тымызын да, ачык да мактап, эки фронтго ойноп жүргөнү жалган беле? Көнгөн адат калбайт тура. Бүгүн да “оюнчу” катары интригага аралашып, шыбап алды...

2010-жылга чейин Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” партиясындагы кагаз ташыган “чыйпыт чүкөнүн” образында эле. Анан 7-апрелде төңкөрүш болуп кетип, Өмүрбек Текебаевдин колдоосу менен министр, эсеп палатасына аудитор, депутат да болду... Бирок, жаңы жыл алдында жылан чакпай, жылкы теппей эле “Ата Мекен” партиясынан чыгып кетти. Ошол кезде Текебаев бийликти сындап койгон. Бул болсо эски өнөрүнө салып, Акүй менен “соодалашып”, сатып кеткени кандай? Эл карап турат да. Аныгында, Текебаев мурдунан сүйрөп жүрүп Шыкмаматовду кызматтарга койсо, саясый талаага чыгарса, анан тескери секирди... Чыңгызхан өзүнүн армиясынан, же душмандарынан болобу, сатып кеткендерди жок кылчу экен. Көрсө, адамзатка эң коркунучтуу “вирус” ушул адат тура...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер