Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМди “ириткен” Көчөрбаевдин көздөй кадры Өскөнбаев качан жоопко тартылат?

ИИМди “ириткен” Көчөрбаевдин көздөй кадры Өскөнбаев качан жоопко тартылат?

14-август, 13:47
971 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамбаевдин мезгилинде УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге таянып алып, ИИМдин ичинде “серый кардиналга” айланган ошол кездеги ички коопсуздукту иликтөө башкармалыгынын башчысы Скандарбек Көчөрбаевдин кадрлары азыркы мезгилде ИИМдин борбордук аппаратында жетекчилик кызматтарды аркалап келишүүдө. Алардын бири ИИМдин ички коопсуздук иликтөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Конок Өскөнбаев. 

Бул кишинин басып өткөн жолуна кайрылсак, Бакиевдин убагында каржы полициясын жетектеп турган Акимжан Муйбиллаевге дос боло коюп, башкармалыкты жетектеп, канчалаган ишкерлердин канын соргону жалганбы? 2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулаганда Акимжан Муйбуллаев из жашырып, анын командасындагы Конок Өскөнбаев баш болгон арты таза эмес кадрлары каржы полициясынан куулуп, ИИМдин ичине кире качышкан. Ал эми 2016-2018-жылдары С.Көчөрбаевдин колтугуна кирип, Чүй ОИИББнин ички коопсуздук иликтөө башкармалыгын жетектеп, шефи экөө азыркы министр К.Жунушалиевдин карачечекей күйөө баласы С.А.-ны ИИМдин күзөт башкы башкармалыгынын Ысык-Көл районундагы бөлүмүн жетектеп турган жеринен иштен алышкан. Мындай малыматтар Кашкар Жунушалиевге жетсе керек да. Бирок, булар кресло кумары үчүн бок-жиндери аралашып иштей беришеби?..

Пандемия учурунда бул жетекчи кызматынан аша чаап, өзгөчө абал киргизилгенине карабай, жанына жөнөкөй жаранды салып алып, ИИМдин кызматкерлерин видеого тарттырып, соцтармактарга чыгартканы менен белгилүү болгон. Жогорудагы факты боюнча кызматкерлердин арызынын негизинде ИИМдин башкы штабында кызматтык иликтөө жүрүп, юридикалык баа берүү үчүн башкы көзөмөлдөөчү органга жиберилген. Аталган “былык” иш УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыктын тергөө бөлүмүндө сотко чейинки өндүрүшкө алынып, бирок тергөө амалдары жүрбөй жатканы кандай? Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бул башкармалыктын начальниги Талант Акматов менен Конок Өскөнбаевдин мамилелери ит менен мышыктай экени айтылууда. Экөөнүн ортосунда ушундай тирешүү болсо, анан кайдагы тартип?! Ал эми Талант Акматовдун кыңыр иштерин кийинки санда толук жарыялайбыз... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер