5 жашар бала апасы жана эжелеринин өлгөнүн билбей, жанында жата берген
Кочкор районунда иске ууланган төрт адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Жалпы беш адам ууланып, анын кесепетинен жаш келин үч кызы менен чогуу каза болгон. Ал эми 5 жаштагы бала ооруканага түшкөн.
Нарын ОИИБ бул окуяны тастыктап, милицияга маркум келиндин агасы кайрылганын билдирди. Маркумдарга үстүнөн кароо жүргүзгөндө күч колдонулганы аныкталган эмес. Учурда тийешелүү экспертизалар дайындалды.
Аман калган 5 жаштагы баланын абалы жакшы. Жакынкы убакта ооруканадан чыгарылат. Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон келин жалгыз бой эне болгон. Ал балдары менен Теңдик айылында турчу.
«Агасы телефон чалса албайт. Эртеси чалса дагы албайт. Жолдон өтүп бара жатканда үйүнө кайрылып, эшикти каккыласа 5 жаштагы баласы ачкан экен. Ошондо булардын каза болгон күнү белгисиз болууда» деди тургундар.