Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында жок болот

Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында жок болот

15-декабрь, 17:12
1 282 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус пандемиясы 2021-жылдын экинчи кварталында аяктап, дүйнөлүк экономика өзүнүн кадимки ыраатына кайтып келет. Бул тууралуу РИА Новости Даниянын инвестиция боюнча иштеген Saxo Bank жетекчиси Стин Якобсенге таянып билдирди.

“Пандемиянын аякташын 2021-жылдын экинчи кварталында күтсөк болот. Рынок коронавирус менен ооругандар өсүп жаткан нерседен да алдыга көз жүгүртүп, экономика 2021-жылы кадимки ыраатына кайтып келет деп пландарын коё баштады” дейт Якобсен. 

Анын божомолуна караганда, баарынан мурда "учурда кайра жакшыра баштаган" Азия экономикасы алгачкылардан болуп көтөрүлө баштайт.

"Кытайдын экономикасынын өсүү темпи биринчи кварталда 10 пайызга жакын санды көрсөтөт. Анын артынан Түндүк Европа, анан АКШ, Улуу Британия чыгат. Жакынкы Чыгыш үчүнчү болот" деген ал.

Якобсен бул илимдеги секириктен улам болорун айткан.

"Пандемия башталгандан тогуз айдан кийин вакцина иштелип чыгат деп эч ким күткөн эмес. Адатта буга 2-3 жыл кетчү. Бул илимдин болуп көрбөгөндөй жетишкендиги жана эмдөө жаатындагы таптакыр жаңы мамиле" дейт.

Адис вирустун мутация болоруна ишенип тургандыгын, бирок вирусту илим жеңсе, башка нерселер кыйынчылык жаратпай каларын кошумчалаган.

“Спутник-Кыргызстан”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер