Акыркы кабарлар
» Коом » Өспүрүм баланы ит талап өлтүрдү
Өспүрүм баланы ит талап өлтүрдү
11-декабрь, 17:32
859 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстандын Алматы облусунун Енбекшиказак районуна караштуу Шелек айылында 8 жашар баланы ит талап өлтүрдү.
Немис овчаркасы 8 жаштагы баланы чайнап өлтүрүп салганы тууралуу жергиликтүү ММК булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бул ишти Шелектин полиция бөлүмү иликтеп жатат. Немис овчаркасы породасындагы ит каза болгон баланын үй-бүлөсүнө тиешелүү. Атайын кызматтар итти өлтүрүшкөн. Ал эми бул ит ушул эле короодо кичинесинен бери чоңоюп, жашаган. Үй ээсинин баласына кол салуусуна эмне себепкер болду түшүнүксүз.
Aryba.kg