Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеңил пиар, популизмдин “чебери” Элвира Сурабалдиеванын жүрүштөрү

Жеңил пиар, популизмдин “чебери” Элвира Сурабалдиеванын жүрүштөрү

31-октябрь, 11:13
278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо шааниси менен өлкөдөгү кырдаалды курчутууга Элвира Сурабалдиеванын салым кошкону жалганбы? Көпчүлүктөн кагуу жеп, акыры аксакалдын да колу тийген. Ала-Тоо аянтынан сүрүлгөнүн көргөнсүңөр... Балээнин баарын баштап коюп, өлкөдө туруктуулук орной электе жеңил пиар, популизм менен Элвира Сурабалдиева өзүн көрсөттү. Мандатын тапшырды. Кайра вице-премьер-министрлик кызматка келди. Эрдик кылгансып. Канчалык жанталашып, элге жагынуунун амалын издесе да суу кечпеси анык. Ансыз да парламенттин мөөнөтү бүтүп калган, Акүйдөгү кабинеттери талкаланган. Саясый чордондо ыйкы-тыйкы, тирешүү, кылчайнашуу күчүндө. Дал ушундай шартта Сурабалдиева ойт берип, жаңы бийликке кошомат кылуу менен “маскасын” алмаштырды. Колунан башка нерсе келмек беле? Кызыгы, айрым жалданма журналисттерге “секиригин” байма-бай мактатканы байкалып калды. Айтор, кандай ойдолоктосо да баягы эле Элвира да. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” эмеспи... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер