Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейкүнөө бөбөктөр өлүмгө учурап, бешик талкаланып, мектептер, үйлөр өрттөлдү

Бейкүнөө бөбөктөр өлүмгө учурап, бешик талкаланып, мектептер, үйлөр өрттөлдү

11-май, 00:26
617 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мадина...

Жакшынам ий!.. Көздөрүңдөн шам чырак!

Жаралуумун жүрөктөн кан тамчылап,

...түнүм санаа, сени эстеп ыйладым...

Жарыктыктан жанып-өчкөн чырагым!

Бар дүнүйөң балага тең келеби?

Бала өлбөсүн, зар какшатып энени!

Каралдым ий... коргоосузум, кечиргин,

Миң эненин санаасында эзилдиң.

Кызым! Кызым... Кичинекей Айгүлүм...

Курмандыгы каргашалуу бул күндүн! 

Энелердин эси-жайы миң санаа...

Бир бала эмес, жүрөктөрдө миң бала.

Бейпил күндүн баркын билбей семирип,

бийлик талаш... Биз ошого эсирип...

Көңүлдөн тыш чек аранын көйгөйү,

Көчөтүм ий... калдык минтип кечигип...

Кыз болмоксуң... тирүү болсоң келишкен!

Кимдин кызы, кимдин күнү дегизген,

Аргасыздан Жаратканга тапшырдык,

Аруу кызым, бала-кыргыз периштем!


Махабат Алимбекова

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер