Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Клара Ажибекова, коомдук ишмер: “Акылбек Жапаровду эл көргүсү келбей калды”

Клара Ажибекова, коомдук ишмер: “Акылбек Жапаровду эл көргүсү келбей калды”

02-декабрь, 15:23
1 206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Клара эже, “турмуш идеалдуу боло бербейт” дегенге көз карашыңыз кандай? Учурда бийликте кимдер иштеп атат?

-- Президент Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү көзгө көрүнүктүү болууда. Көп иштерди оперативдүү түрдө бүтүрүп жатат. Мисалы, Зардалы деген бийликтин баары унутуп, таптакыр таштап койгон айылга өзү барып, эл менен кезигип, бир заматта интернет киргизип, электр жарыгын дагы коюп койду! Өзбекстандан алган Жаңы-Барак айылын алты айда тургузуп, көчүрүп коюшту. Республиканын ичинде аэропорттор иштеп, региондорго самолеттор учуп калды, завод-фабрика ачылып, жолдор салынууда. Мектептер курулуп, мамлекеттик ипотекалык кредиттин негизинде үйлөр тургузула баштады, өтө көп жакшы жаңылыктарга күбө болуудабыз.  

Бирок, турмуш дайым эле идеалдуу боло бербейт! Элдин бийлик тарапка наарзычылыктары да аз эмес. Мисалы, баалардын жогорулашы, транспортко төлөм көбөйүүдө. Көпчүлүк Бишкек шаардын тургундары мэрдин ишин жактырбай турушат. Мисалы, ошол эле троллейбустарды алып койгондоруна өтө капа.

-- Сиз да мэрдин мындай кадамына каршы болуп атасызбы?

-- Мен да аларга кошулгандардын биримин. Троллейбустар шаарга абдан туура келген транспорт эле, экологиялык жактан. Элден сурабай эле өз билгендерин кылып коюшту. Троллейбуска кеткен энергияны жанагы майнинг-ферма деген немелерине кетиришүүдөбү?

-- Шаарды көрктөндүрмөк тургай, бактарды кыйып, кыркып, түп-орду менен жок кылып аткандай туюлат. Сизде андай нерсе байкалбайбы?

-- Байкап атам. Шаардагы бактарды жоготушууда. Шаарга ансыз дагы кычкылтек жетпейт. Бактарды түбүнөн өлтүрүп, уу химикатты куюшкан жокпу? Алар какырап бир топ айлап көчөдө элдин кыжырын келтирип атканын байкайм. Өздөрү “баарын жашылдандырабыз” деп коюп, тескери кетишүүдө. Бактар шаардын дем ала турган “өпкөсү” да. Ошол “өпкөнүн” түбүнө жетмей болушту. Элди дүрбөтүп, митингге алып чыгайын деген тымызын технологиясыбы, ким билет?.. Бул мэр антисоветтик политиканы жүргүзүп жаткандай көрүнөт. Эми жанагы президенттин “Ынтымак ордосуна” бара жаткан жолдогу мырза теректердин баарын чекесинен кыйып, кыркып, жоготот экен. Мурун бир эле кыйылган бак үчүн канча айып салышчу эле? 

-- ЦУМга акыркы жолу качан бардыңыз эле?

-- Түшүндүм сурооңо. Ошол ЦУМдун жаны “жайдак” калды. Мурун супсулуу мажүрүм талдар өсүп турчу. Бактын астына келип эс алып отура калчу элек. Эмичи? Ал жерди да кууратып, бактарды соройтуп коюшкан.

-- Ордо калаанын мэрине жиниңиз аябай келген экен...

-- Жин келбей коёбу! Жайында “Ататүрктөгү үйлөрдү сүрдүрөбүз” деп элди ызылдатып, митингге чогултуп жатты. Көпчүлүк эл “мэрди кетсин” деп калды. Көрөйүн деген көздөрү жок.

-- Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек иниңиз кандай иштеп атат?

-- Акылбек Жапаровду да эл көргүсү келбей калды. Калайык калктын “жонунан улам-улам кайыш тилип”, миллион төлөмдөрдү чыгарууда. Жардам бергени кайсы? Кайра “жонтерисин сыйрып” жатат... Батыштын көзүн караган Акылбек Жапаровдун ордуна анча бай эмес, иштин көзүн билген профессионалдар бийликке келиши керек, Соростун кишилери бийликте болбогону кажет. Трансгендер, гомиктердин бизге кереги жок. Батыштын концепциясын колдогондор Акылбек Жапаровду катуу сынга алышып, “Кыргызстан артта калган мамлекет, илим менен билимге өтө аз финансы бөлүнөт экен, 0,5% өтө эле аз” дешти. Акылбек Жапаров өз учурунда сөз кайтара алган жок. Өзүн жоготту. Акылбек Жапаров бизнесмен, эски кызматчы. Коом өзгөрүлүп жатат. Жаңы тренд, түрдүү багыттар. А Акылбек иним чириген бай болгону үчүн жөнөкөй адамдардын ордун, жашоосун түшүнө албайт. Бул кишиге дагы эле баарын менчиктештирүү керекпи?.. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер