Алтынай Өмүрбекова келечекке из салат...
Вице-премьер-министр катары Алтынай Өмүрбекова жогорку деңгээлдеги уюштургуч, билимдүү кадр катары элге кызмат кылды. Коронавирус каптаган эң оор учурда түйшүк артып, иштин көзүн билгени үчүн из салып, элибиздин ден соолук коопсуздугу үчүн күрөштү. Аягы ичкүйдүлүк менен Алтынай айымды кетирүүгө интрига башталып, көралбастыктын айынан оюндар уланып кеткен. Түз жүргөн каарманыбыз ат тизгинин шарт бургандай эле чечим кабыл алып, кызматынан кетип калды. Абийирин, аруулугун таза сактап... Анын ордуна келген Аида Исмаилова эки сөздүн башын кошо албай ит акмагы чыгып, иштей албай атканын жамы журтубуз көрүп атат го? Мындай шартта Алтынай Өмүрбекованын баркын билип, келечекте далай ашуулар бар экенин эске алып, жөлөк болууга чыгынып, ишбилги кызыбызды колдоп албасак болбойт. Себеби, кемпайлар профессионалды, жакшы жанды баалашпайт экен. Эмесе, келечек муун колдойт!
"Азия Ньюс" гезити