Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Аскерлерди, техникаларды түштүк тарапка багыттап, аларды күчтөндүрөлү”

Артур Медетбеков: “Аскерлерди, техникаларды түштүк тарапка багыттап, аларды күчтөндүрөлү”

29-июль, 13:31
2 078 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, кыргызда “жаман айтпай жакшы жок” дейт. Кыргыз-тажик чек арасынан кайрадан чатак чыгып, согушка айланары болжонууда. Бул боюнча оюңузду уксак? 

-- Акыркы убакта Борбор Азияда жер, суу талаш боюнча мамлекеттер ортосунда көптөгөн конфликттер болуп кетти. Анын айынан бир топ жарандар кырсыкка учурады, аскерий жигиттер окко учту. Мамлекеттердин чек ара жаатында демаркация, делимитация кылууда өлкө башчылары менен жана комиссиянын бирдиктүү позициясы болбогондуктан, талаш-тартыш болуп, өзүнүн апогейине жетип, быйыл апрель айынын аягында эки-үч күндүк согуш орун алды. Ошол тажик мамлекетинин жогорку аскерий башчыларынын жетектөөсүндө биздин айылдагы тынч жаткан элге агрессиялык иш аракеттеринен улам үйлөр өрттөлүп, бейкүнөө жарандардын кырсыкка учураганы баарыбызга маалым. Андан кийин президенттер да жолугушту. Бир пикирге келише албагандан уламбы, “карама-каршылык дале жок” дегенден алыспыз. Андан тышкары, Афганистандын талиб аскерлери, боевиктери Тажикстанга, Өзбекстанга өтө катуу коркунуч көргөзүп, чек арада жайгашкан бир топ постторун басып алышып, кооптуу абалды жаратууда. Аз өтпөй тажиктер ОДКБ мүчө болгондуктан оперативдик штаб түзүшүп, “согуштук кырдаалга карата 200 миң киши топтодук” деп бүткүл дүйнө жүзүнө жар салганга үлгүрүштү. Анын канчалык чындыгы бар экени азырынча белгисиз. Ошону менен бирге тажиктер “биздин армия күчтүү, баарын ордуна коюп коёбуз. Бирок, жакынкы мамлекеттерге күч колдонбойбуз” деп кыр көргөзгөнсүп, коңшу мамлекеттерди таңкалтырды. Андан сырткары, биздин мамлекеттен тажик жарандары, студенттер чыгып кетүүгө мажбур болуп атат. Себеби, ошондой буйрук келди. 

-- Биз тарап кандай аракеттерге өтүшү керек?..

-- Кыргыз мамлекети кандай болбосун өзүбүздүн чек ара тилкелерин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калыш үчүн ар дайым ошол аймакта болуп аткан жагдайларга туруктуу жооп бергенге даяр турушубуз керек. Анүчүн Баткен, Лейлек райондоруна, Чоң-Алай өрөөндөрүндө чек ара тилкелеринде погранзаставаларды көбөйтүү кажет. Аскерлерибизди, техникаларды түштүк тарапка багыттап, аларды күчтөндүрүү оң. Тез аранын ичинде жакынкы коңшу мамлекеттер менен дипломатиялык, тынчтык жолу менен чечүүгө баардык аракеттерди токтотпоо зарыл. Учурда акыбал ушундай болуп атат, ар кандай провокация, конфликттерге тыкыр көңүл буруп, согуш чыгып кетпегенге, ырбатпаганга аракет кылыш керек. 

-- Эгер согуш чыгып кете турган жагдай түзүлүп калсачы?

-- Эң ириде маалымат майданы өтө орчундуу, далилдүү, так маалымат берип, ким биздин мамлекетке кандай агрессия кылып атканын дүйнө жүзүнө көргөзүп туруу керек. Аскердик техника, солдаттардан тышкары жергиликтүү элдерге даярдануу, түшүндүрүү иштерин кылуу кажет. Кокус кырдаал өзгөрүлө турган болсо, алардын кандай максатта, кандай деңгээлде эвакуация кылганга оперативдүү штаб түзүлүп, бирдиктүү иш алып барышына шарт түзүш керек.

-- Ошол эле тажик мамлекетиби, же башкалар болобу, биздеги маалымат майданына кандай баа берип атат?

-- Жогорудагы мамлекеттер эбак эле биздеги чыгып жаткан ар бир маалыматтарды аңдып, тийешелүү чараларды көрүп, атайын бөлүмдөр түзүлүп, өтө катуу иштеп атышканы белгилүү. Ошондуктан, кооптуу абал жаралган учурда биздикилер маалыматтан уттуруп ийбеген жагын караган оң. “Сенсация кылабыз” деп кээ бир түшүнбөгөн акмактар туура эмес талдап, талкуулап жиберген учурлар кездешет. Мына ушундан абайлоо кажет. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер