Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткендиктерге кайдыгер караган Нурлан Шериповдун чала мыйзамы

Баткендиктерге кайдыгер караган Нурлан Шериповдун чала мыйзамы

21-май, 23:48
929 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңеште Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоору эптеп чүргөлгөнүн депутат Мыктыбек Абдылдаев Башмыйзамдын авторлорунун бири Нурлан Шериповго түшүнүктүү кылып эле айтты. Бирок ал түшүнгөн жок. “Мыйзады ким даярдаганын, качан даярдаганын, эмненин негизинде даярдалганын да билбейм” деп тултуюп, “2” алган окуучудай болуп  трибунада турду. Бизди таңгалдырганы, ошол мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын Баткен облусуна, элине кайдыгерлиги болууда. Баскынчылардын айынан азып-тозуп турган элдин көйгөйүн түшүнбөй, жылуу кабинетте отуруп алып, ар кайсы жерден көчүрүлгөн мыйзам долбоорунда маселе. Болбосо, өзгөчө кырдаалда жашап жаткан облустун макамы, анын экономикасын, өндүрүшүн, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча концептуалдуу стратегиялык мыйзам иштеп чыккандын ордуна “губернатор аппараттык жыйын өткөрөт” деп жазып барыштын, мурда аткарылбай калган иш-чараларды “уурдап” киргизе коюштун зарылдыгы барбы? Минтип отурушса Нурлан Шериповго окшогондор элдин шоруна кала турган мыйзамдары менен Кыргызстанды аңга түртүп түшүргөнү калды окшойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер