Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Баекова: “Осмоналиев физик, билим берүү министри болгон, анан тилди өнүктүргөнү ошобу?..”

Чолпон Баекова: “Осмоналиев физик, билим берүү министри болгон, анан тилди өнүктүргөнү ошобу?..”

19-июнь, 09:00
9 047 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баш сөз ордуна

Гезиттин өткөн сандарында “Чолпон айым, бул неошовинисттик демарш – ашынган абийирсиздик эмей эмне?!” деген аталыштагы ачык кат жарыяланган. Автору 81 жаштагы Карыбай Турусбеков. Анда Чолпон Баекованы ашкере сөздөр менен сынга алганы ырас...

Чолпон Турсуновнанын жарым кылымдан ашуун элибизге эмгек сиңиргенин, мамлекетти түптөөдөгү байсалдуу жолун баалап, мыйзам менен чыныгы достугун эске алып, маек берүүсүн өтүндүм.


-- Чолпон Турсуновна, бүгүнкү күндө кыргыз тилинин таламын талашкандар көп болуп атпайбы. “Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек” деген талап коюлууда. Сиз эне тилибизди өнүктүрүүнүн кандай жолдорун көрөсүз?

-- Менимче, мамлекеттик ишке жогорку деңгээлдеги ар бир кабыл алынып жаткан кызматкер биздин Конституцияда бекитилгендей эки тилде так сүйлөй да, жаза дагы билиши зарыл. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген мамлекеттик тил катары кыргыз тили, официалдуу катары орус тили биздин өлкөбүздө колдонулат. Отуз жыл өттү, бирок Конституциялык статуска ээ болгон эки тилди өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан эч бир аракет болгон жок. Мамлекеттик деңгээлде Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ боло электе кабыл алынган кыргыз тили боюнча мыйзам күчүндө жана президенттин алдында атайын кыргыз тили боюнча комиссия түзүлгөндүгү он жыл мурда белгилүү болгон. 

Кыргыз Республикасынын эли кыргыз жана орус улутунан тышкары, сексенден ашык улуттун өкүлдөрүнөн турат. Өткөн кылымдан баштап бүгүнкү күнгө чейин өз ара мамилелерин эки тилде кыргызча жана орусча иреттеп келе жатышат. Кыргызстан эгемендүү көп улуттуу мамлекет катары Конституцияда көрсөтүлгөндөй “элин түзгөн баардык улуттардын өкүлдөрүнө эне тилдерин сактап калуу, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет”. Конституциялык талап боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерди билбегендиги үчүн жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт. Демек, отуз жылдан бери Кыргызстанда “оозеки, ар кандай деңгээлде мамлекеттик тилибиз кыргыз тили, официалдуу тилибиз орус тили” деп сыймыктанган мамлекеттик органдар тарабынан толук кандуу бир дагы чара колдонулган жок. 

Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилде туулган балдар бүгүнкү күндө ишке жарамдуу кадрлардан болуп, элге, мамлекетке иштей турган мезгил келди. Аларды “кыргыз”, “киргиздерге” бөлүп, көбү мамлекеттен чыгып кетти. Себеби, тил саясатына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Мектеп, бала бакчалардан баштап, жогорку окуу жайларда программалар түп-тамырынан каралып чыккан эмес. 

-- Аттуу-баштуу эле саясатчылар орус тилине каршы чыгышып, аны жокко чыгаруу боюнча сөз айтышууда...

-- Кайсы аттуу-баштуулар?

-- Депутаттар... 

-- Мисалы?

-- Төрага Нурлан Шакиев каршы чыгып сүйлөдү... 

-- Шакиев каршы чыкса, ал жөн эле бир Кыргызстандын жараны. Төраганын эмне өзгөчө укугу барбы, анын айтканы мыйзам болгондой? Сунуштасын, негиздесин, чыгарсын Конституциядан... 

-- Расмий тил менен кыргыз тилин карама-каршы коюп, кагыштыруунун максаты эмнеде?

-- Кагыштыруу – бул Американын ишиби же башкалардыкыбы, билбейм. Американын өзүнүн принциби бар: “бөлүп-жарып, бийлигиңди ишке ашыр” деген. Кайсы жерде тил маселеси талаш, жер чыры, чек ара чатагы болсо, же башка чатактар орун алса, ошол жерде алар даяр. Анан акырын баягы иши жок, көз каранды болгон адамдарга чөнтөктөрүнө акча толтурушуп, аларды үгүттөшүп, алдыга чыгарып коюшат. Алар түшүнүп-түшүнбөй, “ушуну айтасың” десе айтып атышкандыр. Терең түшүндүрүш керек да элге. Байытуу иштерин жүргүзгөндөр барбы? Кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу кандайдыр бир кам көрүлдүбү? Мен сизге ачык эле айтып коёюн, телевизордон дагы жүргүзүлбөй калды. “Пирамида” деген телеканал бар го, ошол жерде кырынан жаткан сөздү жазып, анан анын мазмунун майдалап берип коюшчу эки-үч жыл мурда. Азыр ал да жок. Сабак берген аракеттер барбы жалпы элге түшүндүргөн, же кыргыз тилин, же орус тилин? Бул – бир. Экинчиден, Россияда жүргөн ар бир үчүнчү ишке жарамдуу кыргыз балдар-кыздардын убалдары кимге? Эгер өнүктүрүп койсо, алар ал жерде “орус тилин так билесиңерби?” деп экзамен тапшырып убара болбой, тесттерин өздөрү эле өткөрүп коймок да. А жердеги жыргал оокатты мен элестете албайм. Бөлөк эл, бөтөн жерге барып жыргап атканын. 

-- Балким, 20-30 жылда өнүксөк, күчтүү мамлекет түптөй алсак, ошондо кыргыз тили жалгыз баалуулукка айланышы мүмкүн да?

-- Өнүктүргүлө ошол деңгээлге жеткирип. Ар бир кыргыз бул жерден жумуш ордун таап, жайбаракат, эртеңки күнү кайсы жерде иштейм, кандай кызматты табам (?) деген маселелердин баары чечилсе, кайсы тилде сүйлөсөк да... Эгерде жалаң кыргыз тилде сүйлөгөндө эле дасторкон толтура нан, бүт жабдыктардын баары алдыңарга келип калса, өткөрүп салгыла. Маселе ошол эле болсо. Биринчи ирет шарт түзсүн мамлекеттик органдар, андан кийин “эмне үчүн сүйлөбөйсүң?” деп жакаласын. Ар бир мамлекеттик кызматкер, өлкө башчысынан баштап, айыл өкмөттөн мамлекеттик кызматчыга чейин. 

-- Айтмакчы, жер-суу аталыштарын өзгөртүү жагынан да тынымсыз демилгелер көтөрүлүп келет...

-- “Көчөлөрдүн аттары менен райондордун аталыштарын өзгөртөбүз” деп атышат. Анын баарын азыркы биздин чакан бюджет көтөрө алабы? Ошонун баары акча. Мен силерге бир эле мисал айтайын, тээтиги алтымышынчы жылдары академик Юдахин айылма-айыл кыргыз тилди көздөп кыдырыптыр. Мен ал кишинин лекциясын студент кезимде юрфактан жашынып барып укчумун. Кыргызча суудай билчү. Айыл аралай кыдырып, тээ булуң-бурчтагы алыскы аймактарга чейин кыргыз тилинин өзгөчөлүгүн майдалап жазган сөздүгү бар. 30 жылдан бери кайрадан бирөө ошондой сөздүк жаздыбы, тилди өнүктүрүү максатында? Юдахиндин сөздүгү китепканаларда, кээ бир мектептерде бар экен. Анткени, муну мен Акаевге кирип, “мыйзамга жазылгандан кийин тил маселеси мамлекеттик кепилдикте болду. Өнүктүрүү максатында чараларды колдонбойсуңарбы?” десем. Колдонгондору ошол – Акаев да сөздүккө кириш сөздү орусча жазып, кол койгон каты бар, ченелүү эле нуска менен чыгарган. Экинчи жолу Атамбаев чыгарды. Сөздүктү кичине байытыптыр, өзүнүн сүрөтү менен. Болгон аракеттери ушул. 

Башка аракеттерди мен көргөн жокмун. Академия турат бакыйып, китептерди жаңылап жазышпайбы кыргыз тили боюнча? Негизи кыргыз, орус мектеби болобу, Американын окуу жайыбы, бардык жерде кыргыз, орус тилин милдеттүү түрдө Конституциянын талабын аткарып, толук программа менен окутуш керек. Кыргызсыңбы, оруссуңбу, татарсыңбы, өзбексиңби, иши кылып, 86 улуттун өкүлү биздин мамлекетти мекен тутушуп, Кыргызстанда жашап жатышат. “Ар бири эки тилди бирдей билгенге акылуу жана милдеттүү” деп токтом чыгарып, таамай иш-чараларды көрсөтүп, бала бакчадан баштап, мектеп, жогорку окуу жайларга чейин иш-чаралардын аткарылышына жооптууларды аныктап, талап кылыш керек да. Анан баары кыргызча сүйлөйт. Ал эми азыр болсо кыргыздардын теңинен көбү кыргызча так билерин Кудай өзү билет. Радио, телевидениени уккулачы, кыргыз сөздөрүн айтып, орусчасын кошмоюн ой пикирлерин түшүндүрө алышпайт. Сессияда сүйлөп жаткандарды угуп атасыңарбы? Мен угуп атам. Телевизорду сөгөм “о сенин сүйлөгөнүңдүн!” деп. Азыр жүрүңүз, сыртка чыгып көрөлү, жарнактар кайсы тилде жазылганын көрөсүңөр. Сиздин гезитиңиздин аты эмне? “Азия Ньюс”. Орус тили жанагинтип Конституцияга жазылганы, биз эгемендүү Кыргызстан болуп аталып, өз алдынчалуулукка ээ болуп, анан кийин эл аралык мамилелерде субъект болгондо, “сырттагы, дүйнө жүзүндөгү эл менен кайсы тилде мамиле түзөбүз?” дегенде, ошол орус тилди тандаганбыз. Элдин теңинен көбү орусча так билчү да, эң негизгиси БУУ колдонгон беш тилдин арасында орус тили бар экендиги эске алынган. 

-- Сиз жогоруда айткандай, эки тилге даярдоо боюнча программа барбы?

-- Программа жок. Мектепте дагы, ЖОЖдордо да, эч жерде жок. Шарт түзгүлө да, айланайындар!

-- Азыр кыргыз тилин билбеген жогорку даражадагы кызматкер иштен кетиши керек. Бирок, ошону буга чейин даярдоо болгон эмес да. Мисалы, эң эле жөнөкөй нерсени айтсак, билимдүү кадрлардын көбүнчөсү орус мектептерди бүткөндөр го?

-- Билбейм. Мен андай анализ жүргүзгөн жокмун. Өз учурунда, тунгуч Конституция жазылып жатканда үстүртөн анализ жүргүзгөнбүз. Терең жүргүзгөнгө убактыбыз жок болчу. Анан ошондо элдин канча бөлүгү орус тилин жана кыргыз тилин так билет, ошону божомол менен РайОНОлор аркылуу изилдегенде, ар бир үч кыргыздан экөө так билери, үчтөн бир бөлүгү эки тилди тең алып жүрөрү белгилүү болгон. Орус же кыргыз мектептен үйрөндүбү, аны териштиргенге убакыт болгон эмес. Ошондо дагы жалгыз кыргыз тили болуш керек (!) деп көкүрөктөрүн какканда, мен окумуштуулардан да сурагам, “өзүңөрдүн диссертацияңарды алып келгиле кыргыз тилиндеги” десем, бирөө да кандидаттык, докторлук диссертацияларын көрсөтө алышкан эмес. Курстук иштерди кыргыз филологиясы факультетинде жазышы мүмкүн. Азыр баары эле укмуш патриот болуп атышат. Жалгыз мен орус экенмин... 

-- Аларды “куру намысчыл” дейбизби, же “улутчулдарбы”?

-- Мен аны айталбайм. “Шовинисттер” деп айтып атышат. Бирок, шовинист –ал улутчул эмес. Националист – улутчул. Силер “неошовинисттик демарш” деп жазып атасыңар. Сиздин гезит аркылуу мага кат менен кайрылгандары суроо туудурат. Менин оюмча, ал адамдын атын пайдаланып, тил саясатын өнүктүрбөй бекер сөз менен алектенген мамлекеттик кызматкерлердин жабдыгы... 

-- Автору Карыбай Турусбеков. 

-- Автору ал эмес. Мен бул кишини издетип атам. Биринчиден, ошол конференцияга катышкан эмес. Мына, 16-февралдагы тизме турат, арасынан таап көрүңүз. Ал чал кайсы жерде жашарын сураштырып атам. Мага асылбай жанагы тилдин камын көрүүгө аракет кылбайбы? Тил саясаты боюнча комиссияга негиздүү кат жиберип, же алардын чай-пайына тоюп алып, эмнеге кол койгонун билбей калдыбы?

-- КРСУда өткөн конференцияда эмне дедиңиз эле? Кыскача айтып берсеңиз?

-- Борбор Азияда орус тилдин орду тууралуу оюмду айткам. “Башка республикаларга караганда бизде орус тили өзгөчө кам көргөнгө муктаж эмес. Анткени, тунгуч Конституция кабыл алынып жатканда “мамлекеттик тил – кыргыз тили, расмий тил – орус тили” деп жазылган. Эч кимге “сен орусча, же кыргызча сүйлө” деп эч качан тыюу салынган эмес” дегем. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгынын алдында (апрелде болуш керек эле) Жогорку сотто ардагерлердин жолугушуусу болду. Президент да катышкан. Анан соттун бирине төш белги берип, “ардактуу юрист” деген күбөлүк берип кетип калды. Азыркы тил комиссиянын башчысы Каныбек Осмоналиев да отурган ал жерде. Анан баары бүткөндөн кийин Каныбек Осмоналиев туруп алып папкасынан Ардагерлер грамотасыбы, же ыраазычылык катпы, азыр эсимде жок, иши кылып бир кагазды алды да өзгөчөлөнтүп, Жогорку соттун төрагасына элдин көзүнчө колун кармап тапшырды, “кыргыз тилин жакшы өнүктүрүп аткандыгы үчүн” деп. “Эмне кылып өнүктүрүптүр?” деген күбүр-шыбыр сөздөр болду... 

УПК, ГПК деген бар, кылмыш процессин жүргүзүп, өз ара иретин аныктаган. Ал жерде атам заманда эле биздин Кыргызстанда сот бийлиги иштей баштаганда ачык-айкын жазылган. Ишти кароо процесси, кылмыш ишиби, же жарандык иш болобу, кыргыз же орус тилинде жүргүзүлөт. Эгерде ал тилди билбесе, соттор алардын талабына жараша ишти карайт. “Мен орусча да, кыргызча дагы билбейм” деген процессуалдык кодекстердин нормалары сотту милдеттендирет, “ар бир тарапты тилмеч менен камсыз кылууну Жогорку соттон баштап, жергиликтүү сотторго чейин тараптардын түшүнгөн кыргыз жана орус тилинде жүргүзгөнгө милдеттүү” деп жазылган. Анан аны жаңылык кылып, “укмуштуудай өзгөртүү киргизип атыпсың” дегенине мен таңгалып, айткам да... Осмоналиевге ошол сөзүм катуу тийип аткан го. Ал билим берүү министри болуп иштеп жүргөн киши да, туурабы? Өзү физика илиминин кандидаты экен. Анан тилди өнүктүргөнү ошобу? Министр болуп турганда жаңы программаны иштеп чыкпайт беле баардык мектептерде кыргыз тилин, орус тилин толук программа менен окутуп, ар бир окуучу эки тилди бирдей так билгендей деңгээлге жеткирип? Бул жерден билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү өкмөттүк органдарды тынч уйкудан чочутуп жатат. 

-- Мектепке эң жөнөкөй окуу куралдары жетишпейт экен. Кыргыз тилинде жана орус тилинде дагы... 

-- Китеп жок. Мен айттым, “баардык мектептерде орус тилде эмне үчүн “Слово о полку Игореве” менен баштап, классиктер менен бүтөт. Кыргыз тилинде деле “Манастан” баштап, бүгүнкү күндөгү кыргыз классиктер менен бүтүрбөйсүңөрбү?” дедим. “Манастан Чубак кем бекен?”дегендей, эмне үчүн Айтматовду толук кандуу киргизишпейт? Бүт дүйнө жүзүнө дүңгүрөгөн аты бар. Аалы Токомбаевди, Түгөлбай Сыдыкбековду, Алыкул Осмоновду эмне үчүн кеңири окутушпайт? “Алиппеден” баштап, классиктерге чейин. “Азбукадан” тарта орустун классиктеринен бери... Аныгында, жаңы программаны түзүш керек. Мага согуш жарыялабастан.

-- Аны түзгөндү мындай коёлу, даяр окуу куралдары жетишпей жатпайбы... 

-- “Жогорку деңгээлдеги документтерди Конституциянын талабына ылайык кылыш үчүн тилчилер керек” деп атышат. Азыр ар бир мекемеде атайын тилмечтердин штаттары бар экен. Ошонун ордуна ар бир эки жылда бирден мамлекеттик кызматкер талап кылбайбы?

-- Бүгүн биз көтөрүп аткан маселелердин баары билим берүү жана илим министрлигине такалат эмеспи. Азыркы министр Каныбек Иманалиевдин аракеттерине кандай баа бересиз?

-- Билбейм. Анын аракеттерин териштирген жокмун. Мен ошол сөздү айтып жатканда жанымда отурган. “Сабак алсын” деп айткам. Тиги конференция орус тилинде болуп аткандан кийин “Осмоналиев министр болуп турганда расмий тилди гана эмес, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө эчтеке кылган эмес” деп орусча айткам. “Киргиздердин” баары кетишти, Америка, Японияга чейин барып иштеп атышат. Эгер ошолор ушул жерде болсо, канча жумуш ордун ачышат эле? Элибиздин өнүгүп-өсүшүнө канча салым кошушмак? Азыр чоң бир иш жасап жаткандай жарыялап жатышат, “Англияга барып отун тергендерге миң жумуш ордун сүйлөштүк” деп. Батыш өлкөлөрү биздин арзан жумушчу колдорго муктаж. 

Тил саясатынын азыркы деңгээлине билим берүү тармагынын сапатынын төмөндөп кетишинде, кадрлардын жетишсиздигинде, кесипкөйлөрдүн начардыгында. Мамлекеттик органдардын кайдыгерлик мамилесинен жоопкерчилик жана тартиптин жокко эселигинен ушундай жагдай жаралды. 

Ийкемдүү, аялуу элдин катмарындагы аксакал кишинин атынан мага сиздин гезитиңиз аркылуу кат жазымыш этип, эл алдында ар-намысыма шек келтиргенге аракеттенген жетекчилерге айтат элем. Мамлекеттик кызматка ант берип келген инсан, өзгөчө жетекчилер чоң-кичинекейлерине чейин өздөрү тил боюнча конституциялык талапты аткарып, өзү биринчи ирет эки тилди так билүүгө милдеттүүлүгүн “госслужба тууралуу мыйзамга” киргизип, элге кат жазганга тийиштүү документтердин эки тилде жазганга жарактуулугун тест аркылуу аныктаганга талаптуу шарт түзбөстөн, түшүнөн чочуган адамдай “кыргызча ишти аткар, билбесең кет” дегендик – ал шартка кабылган ар бир адамга үстөмдүк катары бааланышы мүмкүн, ызы-чуу жаратып жана мамлекеттик тил саясатына шек келтирип, жөнөкөй сөз менен айтканда, дипломдун беткабына ишенбестен билимин, кесипкөйлүгүн аныктап, тил боюнча оозеки жана кагаз жүзүндө кат жаздырып көрүш керек. 

Мен кыргыз болуп калганыма, ата-бабалардын ушул жерди мурас кылып таштаганына миң мертебе ыраазымын! Кыргыз экениме эч арданбайм, сыймыктанам!


Асланбек Сартбаев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер