Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүүдө

Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүүдө

30-май, 12:05
1 754 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 30-майда өкмөт үйүнүн алдында ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акциясы өтүп жатат. Алар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга жүздөй адам катышууда.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык,  жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан  тартып  коюла  баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди  өткөрүшкөн.  Алар  ККМ  колдонсо  товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер