Президенттик аппарат полковник Нурбек Калыкеевдин ишмердигине иликтөө кылдырабы?
Бишкек ШИИБнин орун басары Нурбек Калыкеев убагында Сооронбай Жээнбековдун командасында ишенимдүү кадры катары иштеп, буту үзүлгөнчө чуркап жүргөн. Өзгөчө каршылаштарды бийликтин машинасы аркылуу тепсетип турушканы жалганбы? Бул мурутчан неме Сокеге өтө жакындыгы бар экени, тымызын маалыматтар менен иштегенин танабы? Көп сырды катып жүргөнүн өздүк курамдагы эле достору айтышууда. Учурда полковник Нурбек Калыкеев билмексенге салып, дагы эле кызматта отурат. Жээнбековдордун жакындары өз каалоолору менен же коррупцияга айыпталышып кызматтарынан кетишкен. Эмне үчүн бул калышы керек? Моралдык жагын ойлоп, жигитче арызын жазып, баса бербейби? Же уяты жокпу? Президенттик аппарат мындай шектүүлөрдү качан териштирүүгө алат? Убагында Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө кордук кылгандардын катарында эмеспи? Эми иликтеп көргүлө да...
"Азия Ньюс" гезити