Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев менен Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчылыкты талашып жатышабы?

Каныбек Осмоналиев менен Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчылыкты талашып жатышабы?

21-июнь, 13:45
1 488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда мамлекеттик катчы деген кызмат болгон. Осмонакун Ибраимов мамкатчы болуп турганда Майрам Акаеванын этегине намаз окуп, чачпагын көтөргөнү менен атагы чыгып, кошоматчы катары кеңири таанылган. Андан кийин Курманбек Бакиевдин учурунда Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров, Нур уулу Досбол мамлекеттик идеологияны иштеп чыга албай жүдөшүп, бул кызматтын баркын кетиришип, аброюн түшүрүп салышып, акыры жоюп тынышкан. 

Парламенттик башкаруу болуп турганда мамкатчылыктын бары-жогу деле билинген эмес, эми кайра президенттик башкарууга өткөндө идеологияны, ички, тышкы саясатты, билим берүүнү, илимди, маданиятты, саясый партияларды, коомдук уюмдарды, диний конфессияларды координациялап, мамлекеттик саясат жүргүзө турган жогорку кызмат оруну зарыл болгон үчүн Конституцияга киргизилип отурат.

Бул орунга адегенде профессор Каныбек Осмоналиев барат экен (!) деген божомолдор болгон. Акүй-Көкүйдөн угулган сөздөргө караганда, учурда бул орун талашка түшүп, аппарат башчы Сүйүнбек Касмамбетов “мамкатчы болом” деп шымаланып турган кези экен. Сүйүнбек Касмамбетов ЖКда эксперт, аппарат башчысынын орун басары сыяктуу кызматтарда жүрдү. Бирок, ал 30 жылда бир да жолу эл, мамлекет тууралуу ооз ачып сүйлөп, эл-жерге күйгөн, саясатка аралашкан учуру болгон эмес. Аппараттын кагаздарынын деңгээлинен өйдө көтөрүлө албаптыр. “Жеңил салмактагы” майда аппаратчикке мамлекеттик саясаттын бир жагын ишенип берүүгө болобу? Акыркы алты айда туугандарын чоң кызматтарга койгондон башка эмне кылды?

Бул кызматка Аликбек Жекшенкулов, Жылдыз Жолдошова сыяктуу тажрыйбалуу, оор салмактагы саясатчылар барса, президенттин жүгү бир топ жеңилдеп, иши шыр жүрмөк. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер