Акыркы кабарлар
» Саясат » Атамбаев жакында түрмөдөн чыгабы? Кимдин “канын ичем” деди?..
Атамбаев жакында түрмөдөн чыгабы? Кимдин “канын ичем” деди?..
07-декабрь, 14:25

Өткөн жумада Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев үй камагына бошоп, Фарид Ниязов убактылуу камакта калтырылды. Коомчулук түшүнбөй турат. Ал эми бизге жеткен маалыматтар боюнча, Атамбаев учурдагы төбөлдөргө жумшарып, тымызын кызматташууга даяр экени каңкууланды. Ошол себептен Батукаевге байланыштуу кылмыш ишинин чечими Жогорку соттон жокко чыгарылып, кайрадан каралганы турабы? Бул олуттуу коңгуроо... Сыягы, Атамбаев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгып, жаңы бийликке каршылык көрсөтпөй, Сооронбай Жээнбековдон өч алуу үчүн баардык күчүн жумшай турганы айтылууда. Атамбаев көп компроматтарды Сокеге алып чыгары, “канын ичем” деп жатканы кандай?.. Кой-Таш окуясы боюнча да чуулгандуу кептер алдыда окшойт...
Aryba.kg