Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ордо калаадагы гезит-журнал саткан күркөлөр эми жаңы конуштарга көчүрүлөбү?

Ордо калаадагы гезит-журнал саткан күркөлөр эми жаңы конуштарга көчүрүлөбү?

04-март, 12:00
720 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда Бишкек мэриясынын имаратына гезит саткан күркө ээлери, анын ичинде басымдуу бөлүгү жашы улгайып калгандар күн алыс каттап калды. Бирден-бир себеби, алардын саналуусу гана ордуларында калып, калгандары шаар четине, тактап айтканда, жаңы конуштарга көчүрүү иши каралып атыптыр. Биз бул боюнча тийешелүү адамдарга кайрылдык.

Чынара Мырзабаева, күркө ээси: 

-- Чынара айым, шаар мэриясы тарабынан гезит-журналдарды саткан киоскилерди жаңы конуштарга көчүргөнү жатышабы?

-- Мындан 8-9 ай мурун да “киоскиңерди заманбап үлгүдө кылбасаңар алып салабыз” деп чыгышкан. Биз ызылдап мэрдин талабында “Бишкекбашкыархитектура”  чийген жаңы эскиз менен 250 миңден 350 миң сомго чейин карыз алып, заманбап киоскилерди жапатырмак жасаганбыз, процентке акча алып дегеним. Ошол карыз алган акчабызды айына 20-30 миңден ыйлай-сыктай төлөп, толук кутула электе эми келишимди узартпай, “шаар борборундагы киоскилерди алабыз” деп жатышат. Баягы эле “эски ыр” – “шаардын көркү бузулуп атат” дегенге жамынышып. Анда ошондо эле айтышпайт беле, “акчаңарды коротпогула, баары бир алабыз же көчүрөбүз” деп? Вице-мэр Орунтаев жинге тийди, бизге асылды да калды, башка жумушу жоктон бетер.  

-- Мен билгенден, күркө ээлери улгайган курактагылар болсо керек...

-- Күркө ээлери мага окшогон кемпирлер, майыптар, жалгыз бой же көп балалуу энелер, багар-көрөрү жок аялдар. Биздин күнүбүз эмне болот? Каякка барабыз? Биздин үнүбүздү ким угат? Бул боюнча киоск ээлери президент Садыр Нургожоевичке кайрылуу кат даярдап атабыз. Башка айла жок. 

-- Акыры жаңы конуштарга көчүрүшсө кантесиңер?

-- Кептин баары ошондо болуп атат. Демек, окурмандар гезит алыш үчүн шаар четине барышы керек экен, нонсенс! “Биз, гезит саткандар редакция, басмакана менен байланыштабыз, канча киши жабыркап, жумушсуз калат?” деген суроо менен кайрылганыбызда, Нурдан Орунтаев “сиз ага башыңызды оорутпаңыз” деп жооп берди. Ушундай кантип болсун?! 

Иманбек Үсөнбаев, Бишкек шаар мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жеңилдетилген типтеги объектилер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

-- Мындан бир жылга жетпеген убакта мэрдин талабы менен гезит-журнал саткан күркө ээлери жаңы эскиз менен 250000-350000 сом сарптап, заманбап күркөлөрдү жасатышкан. Эми келишимди узартпай, борбордогу киоскилерди алып коёбуз деп жатышат. Ушуга эмне дейт элеңиз?

-- 2022-жылы Бишкек шаар мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөсү катары “Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жобосунун негизинде, жеңилдетилген типтеги объектилердин ээлери объекттерди “Бишкекбашкыархитектура” тарабынан иштелип чыккан эскиздик долбоорго ылайык келтирүү иштерин аткаргандан кийин 12 киоск менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүлдү. Кошумча маалымдайбыз, башка объектилердин ээлери аталган объекттерди “Бишкекбашкыархитектура” тарабынан иштелип чыккан эскиздик долбоорго ылайык келтирүү тууралуу иштери аткарылгандан кийин кайрадан комиссиянын кароосуна киргизилет, тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн. Департамент кайрылууда белгиленген суроону жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссиясынын кароосуна чечим чыгаруу максатында киргизет. Комиссиянын чечиминин негизинде жеңилдетилген типтеги объектисине, жер участогуна ижара келишими түзүлөт.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер