Жаштардан кызмат талашкан Муратбек Бегалиевдин доору бүтпөйбү?


Айрым бир сыймыктуу, даңктуу, даражалуу, анан да көөдөнү ачык, руханий дүйнөгө бай адамдар көрпенделиктин сазынан чыга албай атканын көрүп, каңырыгың түтөп кетет. Мындай инсандарыбыздын дээрлиги Бакай атанын жашына барып калышты. Байлык, сыйлык, жетекчилик кызматты ошолордун эле бактысына ыйгарып койгонсуп, бирөөсү да өз каалоосу менен баш тартып, аксакалдык абройлорун сактап коёлу (!) дешпейт го, чиркиндики! Маселен, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев бир топ жылдан бери улуттук консерваториянын ректорлук кызматын аркалап жүрдү. Ал жакты атасынан мураска калгандай эле басып жатып, 2024-жылдын сентябрь айында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына директор болуп келди. Ырас, музыка чөйрөсүндө Бегалиевдин эмгеги бар, бирок “кыйратып салгам” деп эле жетекчилик креслону энчилеп жатып алуу туурабы? Айталы, 1993-жылдан 2024-жылга чейин улуттук консерваториянын ректорлугун минди, бул жылдар аралыгында аталган окуу жайга “кан алмаштырылбай” катып калганы жалганбы? Баарынан кызыгы, бир учурда өзү жетектеген окуу жайга Калый Молдобасановдун ысымын берүү маселеси көтөрүлгөндө, ал кишиге ыраа көрбөй, өз ысымын ыйгарууга ашыгып, “оюн” уюштуруп, хохмага айланган жайы бар. “Балдар, мен 31 жыл ректорлукту аркаладым, эми эс алайын” дегендин ордуна тетири кетип, опера жана балет театрына жетекчи катары келди. Бул көрүнүштү коомчулук жактыра берген жок. Мына быйыл Бегалиев 70 жашка толду, жаштардан кызмат талашпай, кадырлуу карылыктын доорун сүрбөйбү? Жулуна бербей...
"Азия Ньюс" гезити











