Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ Жээнбековдун кемчилигин көрбөгөн Жумабеков эми сындап калыптыр

Кечээ Жээнбековдун кемчилигин көрбөгөн Жумабеков эми сындап калыптыр

19-февраль, 10:49
2 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Чет өлкөгө кетип жаткан депутаттар аэропортто декларация толтуруп жатышыптыр. Тагаев деген депутат алты тамгадан турган фамилиясын тердеп-кургап жатып жарым саатта эптеп толтуруп бүтсө, Абдимухаммедтагаев деген дагы бир депутат “ой, аке, сен аябай билимдүү турбайсыңбы, меникин да толтуруп берчи?” деп суранып, артынан ээрчип алыптыр, караса тигинин фамилиясын жаза алчудай эмес, “сеники өтө эле узун экен, ага эки саат кетет, убакыт жок” деп берки учуп кетип, тигиниси фамилиясын жаза албай калып калыптыр” деген икая айтылып жүрөт. 

Анын сыңарындай, Жогорку Кеңеште өз атын да ката жазган сабатсыз депутаттар бар экени ырас. Ошондойлордун бири Дастан Жумабеков. Ал орусча-кыргызча аралаштырып, катасы жайнаган расмий текстке кол коюп, өкмөткө жөнөтүп, анысы элге жарыя болуп, сабаты канчалык деңгээлде жоюлганын өзү элге арай көздү чарай көрсөтүп, далилдеген эмеспи. Эми ошол Жумабековдун саясый аң-сезими жетилип, “сабатым жоюлуп калды” деп ойлосо керек, айтор, уйкудан чочуп ойгонгондой тура калып, Сокенин ишине саясый баа берип, ЖМКга маек куруп, элге чыга баштаптыр. Мурда Сооронбай Жээнбековду мактап, “кемчилигин көрбөй турам” деп бүжүрөсө, эми корпой эле “кайрылууларга көңүл бурбай койгон” деп жемелегенге жетишиптир. Ушунча да маскарапоз болобу? 

Элдин күлкүсүнө калып, шылдың болуп келген Дастан Жумабеков “менин билим деңгээлим кандай?” деп ойлонбой эле койсун, бирок анын өзү аралашып кошо иштешкен бийликке баа бергенге моралдык укугу барбы? Ал өзү эмнени кыйратты эле? Тыңсынганды кой, өзүнөн өзү жүдөп, жазып берген даяр текстти окуп бере албай, элдин шылдыңына калып, акыры “Макалё” деген атка конду го! Ал 2020-жылы октябрда эмне болуп кеткенине дагы деле түшүнө элек окшойт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер