Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор калаада коронавирус менен ооругандар көбөйүп жатканы эскертилди

Борбор калаада коронавирус менен ооругандар көбөйүп жатканы эскертилди

26-сентябрь, 12:34
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин жарыялады.

Мэриянын маалымат кызматы шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандар көбөйүп жатканы эскертилди.

Эгер санитардык талаптар аткарылбай жаткан учурларга күбө болсоңуз, тиешелүү жетекчилерге чалып, арызданууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аларга соода борборлорунда, гипермаркеттерде, коомдук транспортто бет кап тагынбай жүргөн сыяктуу фактылар боюнча да чалууга болот.

Акимдин биринчи орун басарларынын номерлери:

Сатыбек Каныбеков (Биринчи май району) — 0 (772) 66-53-77;

Садык Мырзакматов (Свердлов району) — 0 (551) 57-18-23;

Кубанычбек Айтакунов (Октябрь району) — 0 (708) 83-82-95;

Алтынбек Маматов (Ленин району) — 0 (772) 15-79-76.

Бишкекте пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмония менен ооругандардын саны 17 миңден ашты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер