Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Бийликке чоң аванс берилди, ошону актай алабы?..”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Бийликке чоң аванс берилди, ошону актай алабы?..”

13-май, 18:18
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргыз бийлиги тышкы саясатта Батыш өлкөлөрүнө да, Россияга да ыктагандай багытта баратат. Бул туурабы, же бир тараптуулук керек беле?

-- Тышкы саясат ички саясаттын уландысы эмеспи. Биз тынчтыкты көздөгөн ачык өлкөбүз. Ар бир мамлекет менен теңме-тең мамиле курууга ынтызарбыз. Эч бирөөнүн жерин басып же тартып алууга ойлор жок, болбойт дагы. Коңшу мамлекеттер менен соода мамилени күчөтүүгө, тышкы инвестицияга аба менен суудай муктажбыз. Өнүккөн өлкө болууну кааласак, сырт жактагы каражаттарга, жаңы технологиянын келишине аракет кылышыбыз керек. Анткени ааламдашуу заманында жашап жатабыз. Дүйнө бири-бири менен өтө чырмалышкан. Ошондуктан Борбор Азия аймагындагы өлкөлөргө, регионалдык күчтөргө ыктап, дүйнөлүк державалар менен да жакшы мамиле куралы, башка аргабыз жок. Аскар Акаев 90-жылдардын башында көп векторлуу саясатты жарыя салгандан кийин, негизи ошондой эле нукта бара жатабыз. Ошол эле багыт уланыш керек.

-- Владимир Путиндин президент болгонун Батыштагы ири өлкөлөрдүн тааныбай жатышы эмнени билдирет? Дүйнө тынч болобу? Кыргызстанга кандай таасири тийиши мүмкүн?

-- Россия бийлиги акыркы 15-20 жылда глобалдык бейстабилдүүлүктүн негизги факторуна айланды. “Приднестровье” деп аталган сепаратистти колдогону, Грузияга таандык болгон Түштүк Осетия менен Абхазияны тартып алганы, Крым жарым аралчаны басып алганы буга мисал. Ал эми Украинаны басып алуу аракети, ал жакта болуп жаткан согуш акыркы 70 жылда калыптанган дүйнөлүк системаны бузуп, талкалап жатат. Бул абдан кооптуу. Биздин коопсуздугубузга да коркунуч туудурат. Анткени Кремль азыркыга чейин СССР курамына кирген өлкөлөрдү көз карандысыз мамлекет катары тааныбай жаткандыгынын белгиси. Ошондуктан Кыргызстан бул аракеттерди расмий түрдө колдогон жок. Анткени Украина утулса, кийинки ошол эле кейиштүү тагдырды Казакстан, андан соң Кыргызстан күтүп турат. Муну азыркы маңкурттар түшүнбөй жаткандыгы өкүндүрөт. Бирок ошол эле учурда биз Россия бийлиги менен таптакыр кол үзүп коё албайбыз. Муну Батыш өлкөлөрү да түшүнүүдө. Ошондуктан Евробиримдиги, Улуу Британия, АКШнын чоң аткаминерлери биздин аймакка көп катташып, “санкцияны буйтап өтпөгүлө” деген суранычтан бөлөк, инвестиция, гранттарды күчөтүү, мигранттарга мүмкүнчүлүктөрдү кенейтүү аракеттерин көрүшүүдө. Бул жакшы жышаан. Муну колдонуш керек да. Бийлик деле ошого жараша аракеттерди көрүп жаткандыгын байкап жатабыз. 

-- “Сырткы күчтөр тарабынан каржыланганы” айтылган “кемпирабадчы” саясатчылардын келечек тагдырларын кандайча божомолдойбуз? Артка кайтпастары камакта жатышса, азырынча эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүктөрү болбойт го?

-- Аларды “сырткы күчтөр колдоду” деген суу кечпеген сөз. Ар бири кыргыздын чыгаан айым, патриот мырзалары. Мүдөөлөрү таза, беттеген багыттары бар. “Отко май тамызгандын” ордуна, жок дегенде үй камагына чыгарып коюшса туура болмок. Бирок ошол эле учурда Өзбекстан менен чек ара маселесинин чечилгени тарыхый чоң окуя катары сыпатталууда. Анткени, ал көйгөй чечилбесе, соода, инвестиция жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок болуп калат. Бул эң негизгиси. Андан кийин биз үчүн стратегиялык (!) деп эсептелген Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай темир жолун куруу да буга байланышкан. Эң оболу, эч бир сырткы күчтөр эки өлкөнүн ортосуна бүлүк салууга аралашпаса керек. Тажикстан менен да ошондой болсо экен...

-- Ошол эле кезде бийликке сын айтуу ооздукталып, саясый мааниде тынч жыйындарга катышуу токтотулуп атса, мындай кысымдарга деле коомчулук көнүп, баш ийе баштаганы жашыруун эмес. Бул көрүнүш Россиянын таасиринен эмеспи? 

-- Таасири бар, бирок түз эмес, кыйыр түрдө го. Анткени Россия бийлигинин Украина менен өзүнүн ашмалтайы чыгып, Кыргызстанга таасирин күчөтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Бул биздин бийликтин эле өзүнүн саясаты негизинен. Көп өтпөй парламенттик, андан кийин президенттик шайлоо башталат. Ага чейин эле саясый талааны тазалап коюуну ойлошту окшойт. Анткени элге көп жага бербеген, бирок ыкчам түрдө жасалчу кадамдар пландалган. Соодагерлерге патент системасын жокко чыгаруу, светтин баасын жогорулатуу, тышкы карызды төлөө, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү сыяктуу. Аны оппозиция сөзсүз түрдө көтөрүп чыкмак. Экинчиден, бир өңүттөн караганда, эл деле митингдерден тажап калгандай, революциянын лимити бүттү окшойт. Бийликке азыр абдан чоң аванс берилди. Эми ошону актай алабы?..


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер