Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Эшатов: “Бир-эки жуманын ичинде бензин 3,5, дизель 4,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө”

Канат Эшатов: “Бир-эки жуманын ичинде бензин 3,5, дизель 4,5 сомго кымбатташы күтүлүүдө”

15-апрель, 18:51
1 395 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.

-- Канат мырза, күйүүчү-майлоочу майлардын, анын ичинде бензин жана солярканын баасы күн санап кымбаттоодо. Качан бир баага токтойт?

-- Өткөндө биз айтканбыз, “күйүүчү-майлоочу майлар, анын ичинде бензин, солярканын баасы кымбаттайт” деп. Анткени, Россия майларды иштетүүчү заводдордон бизге келип аткан дүң баалар жыл башынан бери жогорулап атат. Тактап айтканда, 2021-жылдын башынан бери жүз пайызга жогорулады. Азыр дүң баада санаганда бензиндин баасы АИ-92 үлгүсүндөгү марканы алсак, 50 сом 50 тыйындан 51 сомго чейин барыш керек эле. А бизде 48 сомдун тегерегинде турат. Дагы бир-эки жуманын ичинде бензин 3-3,5 сомго, ал эми дизель отуну 4-4,5 сомго чейин кымбатташы күтүлүүдө. Албетте, өзүбүздө нефтини өндүрбөгөндөн кийин күйүүчү майларга болгон наркка көз карандыбыз. Ошентсе да өнөктөш эки мамлекеттин ымаласынан улам Россиядан келип аткан күйүүчү майлар ал жакка  караганда арзан.

-- Айтсаңыз, жазгы талаачылык иштерине жумшала турган күйүүчү майлар баардыгы камсыздалынганбы?

-- Ооба, толугу менен камсыздалынган. Быйыл айыл чарба министрлигинин айтканы боюнча 115 миң тонна күйүүчү май, анын ичинде 90 миң тонна дизель отуну, 25 миң тонна бензин керек дешкен. Аны толугу менен камсыздоо үчүн биздин мунай сатуучулар кепилдигин алган. Айыл чарбада алек болгон ишкерлер кайрылган күнү чекене эмес дүң баадан литрине 40 тыйынга арзандатып берет. Мындайча айтканда, май куюучу жайлардан 1-1,5 сом арзан болот. 

-- Капыстан көрүп калдым, май куюучу жайлардан “АИ-100” маркасындагы бензинди. Ушул боюнча бир аз түшүндүрмө берип кетесизби?

-- Бул жерде сапаттуулугу боюнча сөз болуп атат. Европада эбак эле “АИ-100” маркасындагы экологиялык жактан коопсуз, сапаттуу бензинге өтүшкөн. Бизге бул марка жана аны колдонуу коомго көп тарай элек болушу мүмкүн. Башка өнүккөн өлкөлөрдө кеңири тарап жатат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер