Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ири кылмыштарга шектүү Алмамбет Салиев кайда качты?

Ири кылмыштарга шектүү Алмамбет Салиев кайда качты?

20-октябрь, 01:15
2 176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сооронбай Жээнбековдун командасында жүргөн айрым генералдар, полковниктер ачык айтышпаса да, тымызын түрдө президенттин аппарат башчысынын орун басары Алмамбет Салиевди күнөөлөшүүдө. Себеби, бул эргул УКМК, ИИМ, башкы прокуратура, сот, финполиция, дээрлик баарын Акүйдүн 7-кабатынан башкарып, кураторлук кылганы жашыруун эмес. Кимдерди камоо, түрмөдөн чыгарбай басып жатуу, куугунтук көрсөтүү ишарасы анын тапшырмасы аркылуу жүргүзүлүп келгени тирукмуш образда айтылууда. Шектүү каржы булактары, көмүскө бизнес, контрабанда жаатын да көзөмөлдөп турчу беле? Айтор, биз коңгуроо кагуудабыз. Учурдагы күч органдары алгылыктуу анализ, кылдат иликтөө жүргүзүү менен Алмамбет Салиевдин үч жылдагы ишмердигин текшеришсе, төбө чачты тик тургуза турган сенсациялуу оор кылмыштардын бети ачылабы? Коррупциялык ири иштердин башкаруучусу болуп чыкпайбы? Эмесе, мындан аркы аракеттер орган кызматкерлеринин эркине байланыштуу...

Тилекке каршы, бийлик алмашкан убакытта Алмамбет Салиев белгисиз жакка качып кеткенин уктук...


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер