Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туратбек Мадылбеков: “Бишкек шаардык кеңешке келген депутаттардын 90 пайызы олигархтардын жакындары”

Туратбек Мадылбеков: “Бишкек шаардык кеңешке келген депутаттардын 90 пайызы олигархтардын жакындары”

18-апрель, 01:05
12 799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шаардык кеңештерге шайланып келген депутаттардын жалпы курамы жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылып атпайбы. Негизинен сиз азыркы курамды кандай баалайсыз?

-- Шаардык кеңешке шайланып келген депутаттардын көпчүлүгүн тааныбайм. Анткен менен алардын 80-90 пайызы жалаң олигархтардын балдар-кыздары жана тууган-туушкандары. Эң кызыгы, эмне үчүн ушул Бишкек шаардык кеңешке жанталашып келишет? Айлык албаса... Алардан акылдуу карапайым жарандар бар. Бишкекти оңдоюн деген патриоттор көп. Бирок, ушундайлар келе калышып, Бишкекти каалагандай калчап атышат. Алар шаардын эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн келишти.

-- Шайлоо бүтө элек жатып эле мэрлик кызмат талашка түшкөндөй болду. Мэрликке татыктуу талапкер катары кимди көрө аласыз?

-- Бишкек шаарына татыктуу бир дагы мэр келген жок. Мында деле шаарды оңдоюн деген талапкерди көргөн жокмун. Кимиси келип, канчалык деңгээлде таза иштээри азырынча белгисиз. 

-- Референдум аркылуу жаңы Конституцияны тандап алдык. Эми андагы мыйзамдар канчалык деңгээлде парламенттик шайлоого, анын курамына таасир эте алат?

-- Конституциялык мыйзамдар кабыл алынып, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын келишин тездетүү зарыл. Эгер келерки чакырылыш дагы азыркы иштеп жаткан депутаттардай болсо, анда Кыргызстандын келечегин бууп коюш керек. Ошон үчүн ар бир партия, жалпы эл компетенттүү, тажрыйбалуу адамдардын келишин талап кылуубуз шарт. Добуш сатып алууга бөгөт коюш үчүн жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоолордогу кемчиликтерди оңдоо зарыл. Ал эми мурунку президенттер партиялардын курамын көзөмөлдөп келген. Мында ага жол берилеби же жокпуайтуу кыйын. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер