Чолпон Жанадыл, медиа продюсер: “Жаңы жылдагы кыялдануу, алдыга максат коюу аткарылат”

-- Чолпон, сен үчүн кыш кандай мезгил? Бала кезиңдеги жаңы жылдын кандай ирмемдери эсиңде калды?
-- Эгер бала чактагы кыш мезгилин эстесем, мага ар кайсы учурдагы “флешбектер” көз алдыма келүүдө.
Менин бала чагым Караколдо өткөн, ошол себептен кыш мезгили ал жерде мага жомоктогудай сезилчү. Шаардын баарын калың ак кар басканы менен күн жылуу болуп турар эле. Иним экөөбүз чана тээп, жыргап ойночубуз. Биздин мектептин жанында шаардык муз аянт бар болчу, достор менен мектептен чыгып, ал жерден коньки тепкенди үйрөнчүбүз, мыкты тепкендерди суктанып карап отурчубуз. Жаңы жылга аз калганда атам базарга барып жаш балаты алып келчү, азыркыдай жасалма балаты дегенди билчү эмеспиз. Үйдүн ичи дароо карагай жыттанып эле калчу. Анан бала чакта жаңы жылдык жасалга оюнчуктар айнектен болчу, аны менен бирге кытай гирляндалары менен кооздоп, бактылуу болуп отуруп калчубуз. Жаңы жыл алдында сөзсүз түрдө айылга барып, баардык туугандарды куттуктап келчүбүз. Азыр болсо өзүңдүн үй-бүлөң менен эле майрамды тозосуң го. Атам, апам болуп жаңы жылдык дасторконду жасап, саат 23:50дө Кыргызстандын президентинин сөзүн кунт коюп укчубуз. Сааттын жебеси 12ни какканда, байкем менен иним эшикке чыгып салют атчу. Асман ушунча кооз боёкторго, оймолорго бөлөнчү. Мага ушул 5-10 мүнөттүк учур керемет, жомоктогудай кооз сезилчү. Ал учурда айтылган каалоо-тилектер аткарыларына ишенчүмүн. Кийинчерээк жаңы жылды үй-бүлө ичинде эле тосуп калдык. Болгону ар бирибиз келе жаткан жылга карата кагазга кыялдарыбызды жазабыз, мурунку жылдын тилектерин бири-бирбизге окуп беребиз. Чынында биз жазган кыялдардын 80%ы аткарылат. Бул да өзгөчө сезим. Жаңы жыл мен үчүн эң жылуу майрам, себеби аны үй-бүлөңдүн, жакындардын кучагында өткөрөсүң. Ошол себептен кыялдангыла, алдыга максаттарыңарды койгула! Кыялдар орундалат! Келе жаткан жыл тынччылыктын, бакубатчылыктын, токчулуктун жылы болсун!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити