“Мыйзамдуу шарттар түзүлмөйүн, инвестор басып келбеси талашсыз чындык!”

-- Бизге кытайлардан башка көрүнүктүү деле инвестициялык агымдын бурулбаганы кандай? Бул тармакты жакынкы жылдары өнүктүрө алабызбы?
Турсунбай Бакир уулу, молдо:
-- Кудайга шүгүр, Кытай деген коңшубуз бар экен! Кыргызстандын экономикасынын көп жылдардан бери чоң булактарын Кытай инвестициялары түзүп жатат. Эгер ушул жана башка өлкөлөрдөн келип жаткан мурдагы инвестицияларды биздин аткаминерлер түз пайдаланганда, чөнтөгүнө “урбаганда”, 10-40%га отурбаганда, бизге ишеним көбүрөөк жаралмак. Ошон үчүн “кустуризацияны”, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгарууну ырайымсыз жүргүзүү зарыл.
Эми ишенимди кайтаруу, коррупциялык схемаларды аягына чейин талкалоо озуйпасы турат. Буюрса, бара-бара инвестициялар көбөйөт. Андан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтүшү менен Кыргызстанда инвестициялык климат жакшырат.
Албетте, ТИМде бир жылдары болгон практиканы кайра жандандыруу абзел, мындайча айтканда, чет өлкөлөрдөгү биздин 22 элчи эң кур дегенде экиден инвестор тартып келишкенде, 44 инвестор келмек. Андан тышкары, тышкы иштер боюнча министрибиз чет өлкөдөгү кесиптештери менен жеке жолугушууларды арбытуу керек. Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн элчиликтерин көбөйтүү абзел. Мисалы, Бишкекте 23 өлкөнүн түз элчилиги бар (бул көрсөткүч боюнча Тажикстан менен теңбиз, бирок Казакстан менен Өзбекстанга уттуруп жатабыз, Астанада 60, Ташкентте 45 элчилик бар).
Кыскача айтканда, инвестицияларды тартып келүүдө президенттен кийин эле тышкы иштер министри болушу керек.
Акан Иманов, эксперт:
-- Кыргызстанга Кытай өлкөсүнөн башка инвестициялык агымдын бурулбай жатканы көп көрсөткүчтөргө байланыштуу. Мисалы, сот тутумунун көз карандысыздыгы, жеке менчикти коргоо жана инвесторлорго түзүлгөн шарттар, салык жеңилдиктери сыяктуу багыттар кызыктырат. Алар бюрократиядан качышат. Дүйнөдөгү ири ишканалар керек болсо жарым кылым алдыга ойлонуп, каражаттарын “без риска” колдонууну көздөшөт. Ар бир өлкөнүн тарыхына, учурдагы абалына көз жүгүртүшүп, "жети өлчөп бир кесишет". Биздин мамлекет алардын критерийине жооп берсе келишет, жооп бербесе биз аларды чакырган бойдон кала беребиз. Стабилдүүлүк дагы чоң ролду ойнойт. Ири инвесторлорду көбүнчө тез актай турган долбоорлор кызыктырат. Көрүп атпайбызбы, нефть, алтын казуу сыяктуу багыттарга кезекке турушканын. Андай кен байлыгыбыз жок болгон соң, адам ресурстарын колдой турган багыттарга басым жасалса жарашмак. Өнүккөн өлкөлөрдөгү элчилерибиз туризмден тышкары да багыттар бар экенин унутпашы керек. Учурда Италия жана Германиядагы элчилерибиздин аракеттери бардай. Демек, арышты кеңейтип иш алып барыш керек. Баардык нерсени кадрлар чечет. Ошол эле маалда мыйзамдуу шарттар түзүлмөйүн, инвестор басып келбеси талашсыз чындык!
"Азия Ньюс" гезити