“Кадр саясатындагы “тааныш-билиш” деген түшүнүк жоюлбаса өнүкпөйбүз”

-- Бийлик кадр саясатын жакшыртуу үчүн эмнелерге көңүл бурса дейсиз? Төрт жылдан ашык убакыттан бери мыкты адистер чет өлкөлөргө кетип атышса, бул боюнча кандай аракеттер көрүлүшү керек эле?
Темир Бирназаров, кинорежиссер:
-- Кыргызстандагы кадр саясатын жакшыртуу үчүн ачык конкурс жарыялап, “тааныш-билиш” деген түшүнүк жоюлушу керек. Антпесе өнүгүүгө жол жок. Болбосо мыкты билимдүү адистер көп. Алар “кол ийрисине тарткан” саясаттан өтө албай калышууда.
Чолпон Осмонова, ишкер:
-- “Малды сойсо да касапчы сойсун” дегендей, бизге чындап эле кээ бир кадрларга өз “касапчысы” жок болгону өкүндүрөт. Министрликтерге такшалган, иштин майын чыгарып иштеген, кыйын, билимдүү адистерден алып, аларга жакшы шарт түзүп берсе эле, кетпей жакшы иштешмек деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити