Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайрат Иманалиевдин КТРКга барганы аялы Кыял Шаршеевага жакшы болду

Кайрат Иманалиевдин КТРКга барганы аялы Кыял Шаршеевага жакшы болду

26-октябрь, 15:24
678 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир күндө он жолу президентти, өкмөттү мактаган кабарларды кайра-кайра кайталап көрсөтүп, “кара жашик” атка конгон КТРКга Кайрат Иманалиев барды. Убагында КТРКны бийликтин көшөкөр, эшик ырчысына айландыргандардын бири ушул Кайрат Иманалиев болгон. Ал кымча бел аспиранткаларды жандаган кашка баш профессорлорго программа жаздыртып, Акүйгө эптеп жагынган. Маданияттын ооп бараткан көчүн оңдой албай эси ооп, чыр-чатагын баса албай эми КТРКга келди. “Жашым келгенде жаштарга орун бошотуп берем” деп жүргөн кандидат аялы Кыял Шаршеева, Гүлжан Кулмамбетова экөө тал чыбыктай ийилген жаштарга жол береби, же лом жутуп алгансып элди аллергия кылып, экрандын бетин бербей кызыл-тазыл болуп чыга беришеби? КТРК баягыдай эле көрөрманды тажаткан маектери, максатсыз көрсөтүлгөн роликтери менен алтындай болгон эфирдин убактысын талаага чачып жатат. Элдин көйгөйү болгон Кумтөр боюнча бир проблемалуу берүү уюштурула элек, бир автордук программасы жок. Жаш, өсүп келаткан таланттуу журналисттери деле байкалбайт. КТРКнын төрүн ырсалаңдаган шайкелең ырчылырга берип, оюн-зоок программаларын приоритет катары көрсөтүп, элдин, мамлекеттин көйгөйлөрүн арткы планга сүрүп таштаган, анан да телекомпаниянын редакциялык саясатын оңдой албаган, колжоолук байкоочу кеңештин кимге кереги бар? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер