Жол кыймылынын айып пулун азайтуу мыйзам долбоору депутаттарды кызыктырбайбы?
Бүгүн, 9-октябрда ЖКнын депутаттары “Мыйзам бузуулар” Кодексиндеги жолдо жүрүү кыймылын бузгандардын айып пулун азайтуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашууда.
Бирок, палатада тыныгуудан соң абдан аз депутат чогулуп, 28 гана эл өкүлү отурду. Ал эми эртең менен 104 депутат каттоодон өткөн.
Аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелегендердин бири депутат Улукбек Ормонов ордунда болду.
Мыйзам долбоору кээ бир мыйзам бузуулар категорияларын өзгөртүүнү сунуштоодо. Алар: жол белгилерин аткарбоо, унаа токтотуу эржелерин бузуу, карама-каршы тилкеге чыга калууда, унаадан ашып өтүүдө эрежелерди бузган убактарда 1000 сом айып пул чегерүү жагы каралууда.
Учурда жогорудагы мыйзам бузуулар экинчи категорияга кирип, ага 3000 сом айып каралган.
Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 57% айдоочулар айып пулун төлөй элек.
Аryba.kg